super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш оппозициялык фракцияларга бөлүнгөн эки комитеттин төрагаларын шайлоодо

 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларына бөлүнгөн эки комитеттин төрагалыгына талапкерлер каралууда.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Тынчтыкбек Шайназаровду жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Зиядин Жамалдиновдун талапкерлигин сунуштады.

"Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Наталья Никитенконун жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Эмил Токтошевдин талапкерлигин сунуштаган.

Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар аталган эки комитеттин төрагасы болчу. Фракция көпчүлүк коалициянын курамына киргенден кийин оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитеттин төрагалары өз ордуларын бошотушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: