super.kg logo

Ошто 18 жаштагы кыз 16 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштоого аракет кылып, 2 милиция кызматкери кармап калышты

 

Ош шаарында 18 жаштагы кызды үйдүн чатырынан боюн таштайм деген жеринен милиция кызматкерлери куткарып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 16 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштоого аракет кылган 18 жаштагы кызды милиция кызматкерлери куткарып калышкан. Бирок кызга 167-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

"Ош ШИИБинин кызматкерлери Санжар Турдумамат уулу менен Омош Матисаков көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган 18 жаштагы кызды сактап калышкан. 2 милиция кызматкери аны үйдүн чатырына чыгып кармап калышкан. Кыз мындай кадамга туугандары менен болгон көйгөйдөн улам барганын айткан. Ал эми териштирүүлөрдүн натыйжасында, кыз батирлерден кийим кече уурдоого шектелип кармалганы, ага карата уурулук боюнча 5 факты менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.04.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялар кантип кай жерден кармап калышыптыр?
25.04.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda.,кошулам сурооно
25.04.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Топтошкон элдин арасында жүрүп эле 16-кабатка кантип чыга калышты?Эң негизгиси амкан калыптыр.
25.04.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал милициялар человек паук болуп кеткенби дейм. 16чы кабаттан боюн таштайын деген кызды куткарып калышыптыр бирок бул деле эрдик.Алла озу сактаптыр.
25.04.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын чатырынын эшиги кулпулануу болсо керек дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: