super.kg logo

Кыргыздын депутаттары Айга, Күнгө теңеген Румыниянын прокурору ким? Анын өмүр баяны жана көрүнүктүү иштери

 
19 жашында баскетбол боюнча Европанын вице-чемпиону болгон

25-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги жактырылды. Анда депутат Жанар Акаев Жамшитовго Румыниянын башкы прокурорунан үлгү алууну сунуштады. Кечээ, 24-мартта депутат Жыргалбек Турускулов дагы ушул мисалды келтирген.

"Румын керемети"

Румыниянын башкы прокурору Лаура Ковеши 1973-жылы 15-майда төрөлгөн. Анын атасы да прокуратура тармагында иштеген. Ал мектепте окуп жүргөндө баскетбол ойночу. 19 жашында баскетбол боюнча Европанын вице-чемпиону болгон. 2002-жылы Эдуард Ковешиге турмушка чыгып, 2007-жылы ажырашып кеткен. Бирок күйөөсүнүн фамилиясында калган.

1995-жылы Бабеш-Бойяи университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Жогорку окуу жайды аяктары менен прокуратура тармагында эмгек жолун баштаган. Түрдүү тепкичтерди басып өтүп, 2006-жылы 33 жашында Жогорку кассациялык соттун алдында башкы прокурор болуп дайындалган. Бул карьералык секирикте "Румыниянын тарыхында биринчи жолу ушундай жаш жана прокурор айым кызматка келип отурат" деп мактоого арзыган. 2009-жылы аталган өлкөнүн башкы прокурору болгон.

2013-жылдан тарта Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурору болуп иштеп келет. Лаура Ковеши бул кызматка келгенден бери калктын аталган мекемеге карата ишеними жогорулаган.

Эмне үчүн румын эли Лаура Ковешиге ишенет?

Кыска убакыттын ичинде эле Лаура Ковеши жетектеген башкармалык министрлер, депутаттар, отуздан ашуун мэрлер, жүздөгөн соттор, прокурорлор, мамлекеттик компаниянын жетекчилери, бажы жана полиция кызматкерлери фигурант болгон миңдеген кылмыш иштерин козгогон. 4 жыл аралыгында 1 миң 500дөн ашуун кылмыш ишин сотко жеткирген. Коррупцияга айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы кармалып, соттолуп, кийин мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилген. Бир эле 2016-жылы конфискацияга алынган каражаттын жалпы көлөмү 670 миллион еврого чамалаган. Коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн жыйынтыгында өлкөнүн ИДП көрсөткүчү 5 пайызга өскөн.

Бирок эң баса белгиленип айтылганы - бул аны Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурорлугуна дайындаган ошол кездеги президент Траян Бэсескунун бир тууган иниси Мирча Бэсескуну камагандыгы. Ал 2016-жылы коррупция беренеси боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган.

Ошол эле учурда ага жана ал жетектеген башкармалыктын жүргүзгөн ишине каршы болгондор дагы бар. Оппоненттери аны адам укуктарын бузат деп айыптап, телефондорду тыңшоону колдонгонун мыйзамсыз деп эсептешет.

Лаура Ковеши ипотекага алган батирде жашайт

Ал хан сарайда жашабайт, өзүнө таандык унаасы да жок. Декларациясында көрсөтүлгөн жалгыз мүлкү - бул анын ипотекага алынган 2 бөлмөлүү батири. Маянасы 3200 еврону түзөт. Учурда Лаура Ковеши Румыниядагы эң кадыр-барктуу жана таасирдүү адамдардын бири.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
25.04.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Коррупционерлер мультимиллионер болуп кетишет бат эле хан сарайларды салышып. Честно иштегендер көбөйсүн элибизде!!!
25.04.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына улуну прокурор десе болот
25.04.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизге керек ушундай прокурор!Срочно!
25.04.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
бизге мындай прукурорду прукурор кылып призидент менен депутаррардын башына таш тийиптирби
25.04.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде коррупцияга шектелип кармалса эле митинг пикет мн чыгарып алабыз. Кимдин пикетке чыгар кишиси жок болсо эле ошол кармалышы мумкун
25.04.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цыгандардан улгу алгыла деген тура
25.04.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айга кунго тенечуу эле жумуш жасаптыр. 4жылда 1500дон ашуун иш козгосо ооооооооо эс албаган окшойт.
25.04.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучтуу прокурор экен башы иштеген.
25.04.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул эже бизге келип ищтесе озуно иш козголуп камалып кетмек
25.04.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин жаңы прокурор экс терге иш козгоп кармаса 99 жылга кесилет го чиркин
25.04.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда Лаура Ковешиге тенеле турган прокуратурада эркек туула элек
26.04.2018. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Крачависа го
26.04.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде тоок урдаган.дар камалмак.миллиондорду жегендер сотту сатып алмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: