Шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясы Албек Ибраимовдун отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты

Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясы калаа башчысы Албек Ибраимовдун отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Мындай чечим 25-апрелде кабыл алынганын фракция лидери Асылбек Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында депутаттар маанилүү маселелер боюнча суроолорго толук жооп ала алышкан жок.
Мэр Ибраимов фракциянын чечими мыйзамдуу күчкө ээ эместигин айтып, анын ишине баа шаардык кеңештин жалпы жыйында бериле турганын айтты.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
9

