super.kg logo

"Ош базарында" таксисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыккан жаңжалдын себеби белгилүү болду

 

Бишкектин Махатма Ганди көчөсүнө белгисиз унаа жарым жылаңач кызды таштап кеткендиги боюнча билдирүү Бишкек ШИИББине келип түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-апрель күнү саат 17:28де катталган.

"Окуя болгон жерге барган мобилдик батальондун кызматкерлери болжол менен саат 17:33төр чамасында барган. Анда арыздануучу кыз Кулиев жана Пушкин көчөсүнүн кесилишинде ага карата кылмыш иши болгонун айтып берип, окуя болгон жерден ага кылмыш ишин кылган адамды көрсөтүп берген. Мобилдик батальондун кызматкерлерин шектүүнү кармоо учурунда ал жердеги эркек кишилер курчап алышкан. Алар тергөө тобунун мыйзамдарына баш ийбей өз ара чыр чыгып, алардын ичинен бир жаран милиция кызматкеринин тапанчасын алууга аракет кылган. Мындан улам баш аламандыкты токтотуу үчүн мобилдик батальон асманга карата ок чыгарган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кечээ арыздануучу менен 42 жаштагы шектүү А.З. окуя болгон жерден Биринчи Май РИИБине алынып келген. Окуя катталган жерден тийиштүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, учурда бул окуяны эки тараптуу иликтөө иши Ленин РИИБине тапшырылып берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат деп кошумчалады маалымат катчы.

Эске салсак, 25-апрелде "Ош базарында" милиция кызматкерлери менен такси айдоочулардын ортосунда түшүнбөстүк орун алып, милиция ок чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
26.04.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мыйзам жок, иштебейт дейбиз мыйзамга баш ийбесек кантебиз да нетебиз?...эл өзүбүздө барда, милициянын тапанчасын алганга акысы жок болсо керек жана каршы турууга да укугу жок...
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/229641/
26.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ар ким озунукун актайт. Шектуу деп жаткан кишини таксистер жакта деп жаздынар. пастава болушу мумкун. тоноп атаса элдер карап турат беле
26.04.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызды Ким жарым жыланач кылып таштап да мыйзам чегинде жазасын алсын Ким болбосо н таксист болобу же башкабы мыйзамга баш ийиш керек
26.04.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базарында десе мен ойлоптурмун базардын ичинде го деп. Базардан бир топ эле алыс жерде жайгашкан ал кочо. Тактап адрес менен жазсанар
26.04.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулиева Пушкин кочолору Ош базардан 2-3 кочо ары турат!!!
26.04.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пастава Кулиевада милициялар мн иштешкен эле кыздар
aksy94 түзөттү 2018-04-26 16:25:15
26.04.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХХХХХХХХХ бири болсо керек да
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-27 11:17:49
27.04.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jergetal, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: