super.kg logo
  Саясат  

Анвар Артыков: "Кол тийбестикти алып койсок, экс-президенттерди сотко бергендер көбөйөт"

 

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу керекпи деген SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков төмөнкүдөй пикирин билдирди.

“Конституцияда президент мөөнөтү аягына чыккандан кийин экс-президент деген макам алат. Кол тийбестик бул жолдон кармап же үйүнө кирип текшергенге уруксат бербейт. Бирок кылмыш жасаганы үчүн иш козголсо, Башкы прокуратурадан уруксат алып караса болот. Көрүнгөн киши келип эле “мен сени текшерем” десе туура эмес го. Өзүбүздү кандай сыйласак, мамлекет башчыны да ошондой сыйлаш керек да. Кол тийбестикти алып койсок, бул өтө саясатташып кетет, сотко бергендер да көбөйөт. Андай болсо президенттикке деле эч ким барбай калат го. “Мамлекетте болгон бардык эле окуяга, кылмышка сен жооп беришиң керек, сен президент элең” деп сотко бере берсе болобу? Мындайга барбашыбыз керек”, - деди Артыков.

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова, саясий серепчилер Марс Сариев жана Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: