super.kg logo
  Саясат  

Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко берди

 
Райымбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду "негизсиз жумуштан алды" деп сотко берди. Бул тууралуу 26-апрелде журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты, Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов билдирди.

Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Өткөн айда экс-президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовду иштен айдоону Сапар Исаковдон суранганын айткан. "Былтыр Бажы кызматындагы коррупциялык схемалардын айынан бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калган. Мен Сапар Исаковдон бул тармактагы "серый кардиналдардын" бири "Райым миллионду" иштен айдоону сурангам. Ал аны 23-ноябрда кызматтан алды. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын чабуулу астында калды. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыйкырсаӊ, анда сенин жакындарыӊдын арасында эч кандай "Райым миллиондор" болбошу керек", - деген Атамбаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: