super.kg logo
  Саясат  

"Калилов министр болгонго чейин мамлекеттик ишкананы 5 жыл мыйзамсыз жетектеген" дейт депутат

 
Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов "Кыргызжолтранс долбоорлоо" ишканасында 5 жыл убакыт мыйзамсыз иштеген. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында айтып чыкты.
Анын маалыматы боюнча, Калилов аталган мамлекеттик ишкананын жетекчилигине өкмөт башчынын буйругу менен дайындалыш керек эле, бирок министрдин буйругу менен дайындалган.
"Биз билгендей, аталган "Кыргызжолтранс долбоорлоо" ишканасынын жетекчисин өкмөт башчы дайындайт. Бирок Калилов министрдин буйругу менен дайындалып, 5 жылдан ашык убакыт мыйзамсыз иштеген. Бул кызматынан кийин министр болуп дайындалган. Муну ким текшерип чыкты? Азыр ишкананын директорлугуна мурдагы жетекчини өз буйругу менен дайындап жатат. Бул кимдин катачылыгы болгонун карап чыгуу зарыл", - деди Исмаилова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: