super.kg logo

Депутат Нышанов өкмөттү "Ош базарында" сатылып жаткан арчалар кайдан келип жатканын көзөмөлгө алууга чакырды

 

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов "Ош базарында" сатылып жаткан арчалар кайдан келип жатканына кызыкты.

Анын айтымында, арчаларды кыйып келип сатууга нааразы болуп кат менен кайрылгандардын саны көп болуп жатат.

"Кыйылган арчалар "Ош базарына" чоң унаалар менен алынып келип сатылат экен. Бул боюнча мага кайрылуу болду. Көпчүлүгү "биздин арчалар кыйылып кетет" деп тынчсызданып жатышат. Ошондуктан арчалар кайсы токойдон алынып келип жатканын, ага ким уруксат бергенин өкмөт чечип койсо жакшы болмок", - деди Нышанов.

Андан кийин депутат берген суроо-талаптары боюнча өкмөттөн келип жаткан жооптору купулуна толбой жатканын айтты.

"Мурат Картайбекович, өкмөттүк аппараттын жетекчиси катары мындан ары ар кандай маселелер учурунда бизди угуу үчүн ушул жерде болом деп жатасыз. Сиз келгениңиз менен маселе мурдагыдай чечилбей калабы же чечилип кетеби? Өкмөттөн суроо-талаптар боюнча көп кат алабыз. Бирок бар же жок деген жообу жок. "Кийинки жылдын бюджетине караштырганга аракет кылабыз" деген жооптор келет. Жооптордун 99 пайызы ушундай эле деңгээлде. Аткаруучулардын каты так болушун көзөмөлгө алуу керек", - деди Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииийй арчадан башка толгон токой маселелер жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: