super.kg logo
  Спорт  

Мектеп лигасынын футзал боюнча мелдешин 48-мектептин окуучулары жеңип алышты

 

"Футбол - достук үчүн" деген ураан астында өткөн Мектеп лигасынын футзал боюнча мелдешин 48-мектептин окуучулары жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Кечээ, 25-апрелде Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде Мектеп лигасынын футзал боюнча мелдешинин финалы орун алды. Анда 1-орун үчүн беттеште №48 жана №77-орто мектептердин окуучулары кез келсе, 3-орун үчүн беттеште №80 жана №61-мектеп-лицейдин окуучулары кездешти.

3-орун үчүн беттештин жыйынтыгында 80-мектептин окуучулары 3:2 эсебинде жеңишке жетип, коло медалдарды тагынды. Ал эми 1-орун үчүн беттеште негизги убакыт 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, жаш футболчулар пенальтилер сериясын аткарышты. Анын жыйынтыгында 48-мектептин окуучулары 3:1 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалдарга ээ болушту.

Айта кетсек, Мектеп лигасынын жыйынтыгында Дене тарбия жана спорт башкармалыгы мыкты оюнчу деп Арген Эмилбековду атады. Эми ал июнь айында Москва шаарында өтө турган "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбоорго катышып, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Орусия-Сауд Аравия курамаларынын ортосундагы беттешине барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: