super.kg logo

"Бюджет" деген сөз кыргыздын "бүт жейт" деген эле сөзүнөн алынса керек" дейт Момбеков

 

"Бюджет" деген сөз кыргыздын "бүт жейт" деген эле сөзүнөн алынса керек" деди бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков.

Жыйын учурунда өкмөттүк аппараттын башчысы Мурат Мукамбетовго кайрылып, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн азайтууга чакырды.

"Учурда акционердик коомдордун чогулуштары өтүп жатат. Мен акционердик коомдун директорлор кеңешине бир эле жерге 6-7 адам дайындалып жатканына түшүнбөй жатам. Директорлор кеңешине барган кишилер айлык албайт дейт. Сиз ушуга ишенесизби? Мына Асел Союзбековна (Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары) директорлор кеңешине мүчө болгон, квартал сайын айлык алчу, мен деле алчумун. Азыр булар биз албайбыз, баш тартабыз деп жатышпайбы. Айлыктан, байлыктан баш тарткан кыргызды табыш кыйын го дейм. Акылбек Жамангулов акционердик коомдорду териштирип чыгып, 400 миллион сомдон ашык демөөрчүлүк жардам бергенин айтты. "Кой тууй албай жатып, эчкиге арача түшөт" дегендей, өздөрү өкмөттөн ссуда катары акча сурап жатат. Насыя алып жатат да, бул жакка демөөрчүлүк кылат. Ошондуктан акционердик коомдордун бардыгын иликтеп чыгуу үчүн протоколдук тапшырма бериңиз. Бул бюджеттин акчасы да. Бажаларын, балдыздарын багып жатабы, ким билет? 400 миллион эмне деген акча. "Бюджет" деген сөз ушул кыргыздардын эле "бүт жейт" деген сөзүнөн алынса керек. Жегендин, дегендин баары эле ошол бюджетте", - деди эл өкүлү.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(7)
26.04.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул депутат бир жон суйлобойт да!!! Бул Абдылда Иманкуловдор менен эле иштей турган адам, парламентке адашып эле барып алган.
26.04.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
tular,адашып барбай эле туура барган .
26.04.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир созуда эске тушту ушул депутаттын "Кыргызстан эмес эле Кыргынстан болдук" дегени...
26.04.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошентип суйлой турган адам да керек,чондордун козун ачып кичине такалап турганы.Кээ бир депутаттар отурбайбы тыркыйып же бар же жок экени билинбей.Бироо эмнени добушка койсо ошого кнопка басып.
26.04.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутат деген соз деле кыргыздын созунон алынган. Деп утат. Шайлоодо муну кылам, аны кылам деп атып эле утуп алышат.
26.04.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musio,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
26.04.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай темп менен иштесеңер КЫРГЫЗСТАН бат эле өнүгөт эле. Россиянын бир районундай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: