ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Голливудду багындырган кытайлык актёр Жет Ли 55 жашка чыкты
Кытайлык актёр Жет Ли 1963-жылы 26-апрелде Пекин шаарында туулган. Ал 8 жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катыша баштаган. Жарым жылдан кийин мектепти таштап, Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен Кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнөлүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.

Дал ушул көрүнүштөн соң жаш Жет Лиге тасмага тартылуу боюнча сунуш түшөт. "Режиссёрлор мени 2-Брюс Ли кылабыз деп убада беришкен" деп эскерет актёр. Ошентип алгачкы жолу анын катышуусундагы "Шаолинь чиркөөсү" деген тасма 1982-жылы жарыкка чыгат. Анын чеберчилиги тууралуу маалымат алыска жетип, киного тартылуу үчүн түшкөн сунуштардын аягы тыйылбай баштайт.



4

Супер-Инфо
super.kg видео
















админ Джет Ли оорудан улам олду деп [moderated]та журду элего
так маалымат берип коюнуздарчы актердун олуму тууралуу?