super.kg logo

Бишкекке отургузулган 9 миң сомдук көчөттөрдү алууну ким сунуштаганы белгилүү болду

 

Борбор калааны жашылдандыруу үчүн 9 миң сомдук көчөттөрдү алууну “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын алдында түзүлгөн комиссия сунуштаган. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда “Жашылдандыруу” ишканасынын жетекчиси Алымжан Усубакунов билдирди.

Шаардык кеңештин отуруму кийинки жумага жылдырылганына карабай, депутаттар талкуу болуп жаткан кымбат баалуу көчөттөр тууралуу маалымат алганга жетишкен.

Алымжан Усубакунов шаар көркүн ача турган эстетикалык-декоративдик түзүлүшүнө карап көчөттөр алынганын айтты.

Биз 2016-жылы Шабдан баатыр жана Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде кичинекей бакча ачканбыз. Биринчи жолу жабык тамырлуу көчөттөрдү ошол жакка отургузуп, сынап көргөнбүз. Бардык көчөттөр жашылданып кетти. Ошондон кийин шаардын экология маселесин тез жана сапаттуу чечүү үчүн жабык тамырлуу бактарды ири көлөмдө алганбыз. Башка көчөттөрдү отургузсак алар тамыр алып, чоңоюшу үчүн 8-10 жыл керектелмек. Ал эми көчөттөрдүн баасына эки жолу мониторинг жүргүзүлгөн. “Жашылдандыруу” ишканасынын алдында түзүлгөн комиссияда 11 адам болгон. Алардын ичинде илимий кызматкерлер, агрономдор өз ишин мыкты билген адистер иш алып барган”, - деди ал.

Ал эми шаардык кеңештин депутаттары Алымжан Усубакуновдун 9 миң сомдук көчөттөр боюнча берген отчётун канааттандырарлык эмес деп табышты. Кийинки отурумда депутаттар комиссиянын мүчөлөрүнүн ысымдарын, тизмесин алып келүүнү талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
26.04.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эптеп бир шылтоо айткан экен окшошпой калыптыр. Кунону мойнуна алыптыр кустуруш керек эми.
26.04.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура ошол список боюнча текшергиле кимиси канча байыганын
26.04.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К
26.04.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
1000 сом десенер да жондуу болмок
26.04.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Олконун экономикасы ылдыйлап бюджет тартыш болуп турганда 9000 сомдук кочоттун кереги бар беле.
26.04.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балекеттер оой жакшы уйронушкон экен уурдамайды. Жонокой эле дарактарды элуу сомдон алып сугатчыга айлыкты кобойтуп койсонор осуп эле кетмек. Уят. Арамтамактар.
26.04.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал көчөт Россияда 450 руб турат экен аны укпай калыптырбыз деш керек эле
26.04.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тизмесин жарыялап жаза чарага тартуу керек сүйлөй турган көчөт болсода кымбат,эмне биздин экономикабыз өнүгүп жатабы карызыбыз жок бай мамлекет белек. Биздин чоңдор көптөгөн насыяларды туура колдоно албай маанисиз иштерге жумшап жыйынтыгы жок болуп жатат.
26.04.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол 11 адам кабыл алган болсо жакшы экен күнөөлүлөрдү издебей сразы сурака алгыла күнөөсү далилденсе камака салгыла
26.04.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
900 сомдон алсак уят деп, кымбаттатып сатуучудан 9000 сомдон алган турбайбы. Эмне эле ызылдай бересиңер. Түшүнбөйм
27.04.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014 жылы павловния дарагын алып келдиңер бир жылда 3 метр өсөт экен биздин шартка көнөт экен гүлүда кооз деп эми ошондон дайын жок мына менда быйыл кызыгып алайын десем алып сатаарлар 6 метр бийиктиктеги көчөтүн 2000 сомдон эле сатып жатат эмнеге ошону тиккен жоксуңар өзүңөр бот.садтан эксеңер бир көчөт 9000 эмес 90 сомдон түшмөк Токтогулда керек болсо бир байке эки үч гектарга тигип салыптыр анан көрүнгөн нерсе экпей жаңгак ушул сыяктуу экпейсиңерби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: