super.kg logo

Дене тарбия жана спорт академиясы: "Болот Сүйүмбаев 2012-жылы биздин академияны аяктаган"

 

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы Болот Сүйүмбаев 2012-жылы Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган", - деп бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын канцеляриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бул тууралуу документти Билим берүү жана илим министрлигине факс аркылуу жөнөтүшкөн.

Буга чейин коомчулукта Сүйүмбаевдин жогорку билими тууралуу диплому жасалма болушу ыктымал деген сөздөр айтылган.

Эске салсак, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев 16-апрелде премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.

1988-1989-жылдары - аскерде кызмат өтөгөн;

1989-жылы - "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадёр;

1994-1998-жылдары - "Илбирс" ишканасында ревизор жана "Меркури" банкынын коопсуздук инспектору;

2000-жылы - "Шампанвинкомбинатта" кайтаруучу;

2001-2007-жылдары - ИИМде кызмат кылган;

2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;

2012-жылы - президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;

2012-2016-жылдары - УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;

2016-2018-жылдары - УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору;

2018-жылдын 16-апрелинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.04.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уфф куйгузот да кишини. Кечээ эле бутсо дене тарбия академисын бугун генерал.АША ушунчалык денгээлге тушурду мамлекеттик кызматкерлердин баркын.
26.04.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чындыгында Атамбаевдин өтө эле аша чаап өзүн өзү билип өтүгүн төргө илген экен,эчкандай эмгек синирип кайсы бир органда иштебесе,жансакчы кароолчу жана өзүнө кенешчи жандоочу болсо,билими фискульт болсо анан генерал наамы ыйгарса... бул деген чыккынчылык да. Менимче азыркы убакта баардык атамбаевский кадрлардан арылуу керек,антпесе өлкөгө дагы да зыяндуүлуктарын алып келишет. Такыр эле саясий аренадан кууп чыгыш керек Атамбаевди,аты аталбоо керек алдыдагы келечекте.
stimyl.kg түзөттү 2018-04-26 14:27:08
26.04.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев да кенешчилерге мукураган экен да 2010-жылы кенешчи болсо билими жок болуп. Дене тарбия академиясында окуду дейсинерби? 2010-жылы АША бийликке келгенде анан ойлонду да кызматка отуруш учун диплом керек деп сатып ала койду да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: