super.kg logo

Күйөө ала качуу, жаңы келиндин башына түкүрүү. Дүйнө жүзүндө үлпөт тойдогу таң калычтуу ырым-жырымдар

 

Үлпөт той - ар бир адамдын жашоосундагы эстен кеткис жана кайталангыс бактылуу көз ирмемдер. Эки адам бир бүтүнгө айланып, алдыга койгон максаттарын бириктирип тагдырдын даңгыр жолуна түшкөн күн. Бул күндү дүйнө элдери өзүнүн улутуна тиешелүү ырым-жырымдар жана салт-санаасы менен коштойт.

Япония

Башка улуттагы турмушка узап бара жаткан кыз бир көйнөктү тандай албай башы катса, япониялык кыздар үлпөт тойдо 3 кийим кийишет. Кийим алмаштырган сайын кыздардын макияжы жана чач жасалгасы да өзгөрүп турат. Аталган салт XIV кылымда башталган. Алгач кыз ак түстөгү узун кимано кийип чыгат. Ак түс кыздын тазалыгын жана аруулугун билгизет. Ал эми чачтары улуттук цонокакуси баш кийими менен жабылат. Андан соң майрамдык кечеге кызыл түстүү кимано кийип чыгат. Кийимдин түсү ал жаңы келген үй-бүлөнүн жашоосун шаңга жана түркүн түскө боёгонго даяр экенин көрсөтүп турат. Ал эми тойдун акыркы бөлүгүндө болочоктогу колукту заманбап үлпөт көйнөгүн кийип чыгат.

АКШ

АКШнын Орегон штатында жайгашкан жаныбарларды кармоо жайына жана ветеринарлардын кызматына акча чогултканга ламалар жана альпактар жардам берет. Аталган жаныбарлар үлпөт тойлордо акча табышат. Алар жаш жубайлар менен атайын жасалгалуу кийим кийип сүрөткө түшүшөт.

Бул жаныбарлардын кызматы 200 доллардан өйдө турат. Алар көптөгөн тойлорго катышып жүргөндүктөн адамдардан, камерадан жана фотоаппараттардан коркушпайт. Мындай жол менен акча табууну алар 2011-жылы баштаган. Аталган жаныбарлар Орегон, Портленд жана Вашингтондун жашоочуларына гана кызмат көрсөтөт.

Индия

Эгерде Кыргыз өлкөсүндө кыз ала качуу көрүнүшү бар болсо, Индияда бардыгы тескерисинче. Кызыктарга бай өлкөнүн көп аймактарында, айрыкча Бихар штатында азыркыга чеийн күйөө ала качуу салты бар. Бул аймакта жашаган кыздар жигиттерге жагыштын амалын ойлоп, баш катырып убара болбой эле койсо болот. Анткени көп учурда кыздын ата-энеси өздөрүнө жаккан бойдок жигитти ала качып, жашыруун нике кыюу салтын өткөрүшөт.

Кения

Бул өлкөнүн аймагында отурукташкан ар бир уруунун өзүнө тиешелү ырым-жырымдары болгону менен жаңы келген келиндин бетине түкүрүү салты көпчүлүк урууларда бар. Түкүрүү - бул терең урматоонун белгиси. Ал эми масаи уруусунда түкүрүксүз бир дагы үлпөт той өтпөйт. Турмушка узап бара жаткан кыздын чачын алып андан соң тойго келген туугандар башына түкүрүп ага бата беришет. Ал эми ал өз кезегинде артка кылчайбай өз айылынан узап, кайын журтуна сапар алат.

Конго

Үйлөнүү той - олуттуу иш. Ошол себептен бул иш-чарага кылдат мамиле кылуу зарыл. Мындай ойду Конгонун жашоочулары катуу карманышат. Той болуп жаткан учурда жаш жубайларга күлгөнгө гана эмес жылмайганга да тыюу салынган. Мындан улам тойдо тартылган сүрөттөрдө жаш жубайлардын кубанычын көрүүгө мүмкүн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
26.04.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кениядагы уйлонуу укмушго баарынан.
26.04.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Индияда кызык экен э жигиттерди ала качса,
26.04.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
*Башына тукуу дегени шумдукко. Жийиркеничтуу баарыле башына тукуро берсе*
26.04.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
.
Aza17 түзөттү 2018-04-26 15:54:56
26.04.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарынан да Конгодогу салтка тан калса болгудай экен
26.04.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ кыргыз элинин да корунуктуу салтын да жазып койсо болмок экен
26.04.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ким эмне менен ооруйт эч ким билбейт. Башына толтура вирус жуктуруп келин болуп барат экенда. Жийиркеничтуу.
26.04.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде дагы, жигиттерди ала качуу бар болсо кандай болмок болдукен
26.04.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конго жакты!
26.04.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде да Индиядай болсо мен бирөөнү давно ала качып келип калпак кийгизип отургузуп коет элем го чиркин.
27.04.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,мени ала качсан бираз каткырып барып отурам каршылык деле көрсөтпөйм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: