super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жүрөк тойду... Ашказанчы? Мен ооруканада дарыланып жатканда сүйүктүүмдүн сыра алып келгени эсимде"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жүрөк тойду... Ашказанчы?" деген тема талкууга алынган.
Автор "Сүйүктүүбүзгө жасап берген эң алгачкы тамакты эстеп көрөбүз. Же болбосо сүйүктүүбүздүн эң алгачкы ашказанды ыраазы кылганын эстейли. Алгачкысы эсте жок. Бирок эстегенде жүзүмө жылмаюу жараткан бир нерсе бар. Ал нерсе - мен ооруканада дарыланып жатканда сүйүктүүмдүн сыра алып келгени..." деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен жолдошум менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө тамак жасап бергем. Аны студенттердин тамагы десе да болот, ошондо мага аябай ыраазычылыгын билдирген. Азыр болсо ошол күндөгү жасаган тамагымды эстеп, мени чычалатат".

"Сүйүктүүмдүн мага жасап берген алгачкы тамагын үй-бүлө болгондо бат-баттан жасап турууга ниет кылдык. Анан да жасап берген тамактын аталышын өзү билбегендиктен, "мамалак" деп атап алдык".

"Жүрөк тоё элек, ашказан азыр тоёт деген үмүттөмүн!"

"Жакшы тема экен. Көптөр "Оштун кыздары ашты жакшы басат" деп мага палоо жасатып, мактап жей беришип, эми тажап калышты. А жолдошум өзүнүн "фирменный" тамагын жасап берген. Тамакка табитим тартпай отурсам ашканага чакырат. Жебейм десем "атайын сен үчүн жасадым, жок дегенде ооз тий" деп таарынган. Макул болуп бир жеп көрүп, анан тарелканы таптаза кылып койгом".

"Менин жолдошум мага, тагыраагы, бизге балалуу болуп калганда пицца жасап берген. Баары сонун болгон, болгону андан кийин ашкананы бир күн кечке жыйнагам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: