super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков УКМКга суракка кирип кетти

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына кирип кетти. Ал журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Саат 15:00дө анын сурагы башталмакчы. Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары чакырылган.

Айта кетсек, Исаков УКМКга күбө катары чакырылганын билдирип, чакыруу кагазынын сүрөтүн интернеттеги баракчасына жарыялаган, бирок эмне маселе боюнча чакырылганын ачыктаган эмес.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын тизмеси:

4-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев;

Бердибек Боркоев

7-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков;

Алмаз Жусупбеков

3-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов;

Темирлан Бримкулов

3-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев;

Узак Кыдырбаев

17-апрелде - Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов;

Салайдин Авазов

17-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров;

Жолдошбек Назаров

18-апрелде - "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев.

Айбек Калиев





Сапар Исаков УКМКга кирип кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: