super.kg logo

КҮНСОБОЛ: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүү сунушталды. Колдойсузбу же каршысызбы?

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айында өтөт. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, аталган иш-чараны өткөрүүгө 306 миллион 300 миң сом жумшоо пландалууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген суроонун негизинде собол салды.

ЖАМАНКУЛОВ: "Түркия былтыр эле биз өткөрөлү деген сунушун берген, мындан башка да өлкөлөр бар"

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикиринде каражат жагын ойлонгондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүндө эле өтө бере турган болсо, 4 жылда бир болгону жакшы.

"Көчмөндөр оюндары мындан кийинки жылдары башка өлкөлөргө берилгени жатат. Башка өлкөлөргө бериле турган болсо, эки жылда бир эле өткөрүп турган жакшы. Себеби Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жаңы форматта да, ал олимпиада оюндары сыяктуу калыптанып калган болсо, анда төрт жылда бир өткөрмөкпүз. Аталган иш-чара жаңы башталып жатат, элдин эсине тезирээк сиңиши керек, форматы калыптанганга чейин 2 жылда бир өтүп турганы оң.

Мындан кийин башка өлкөлөрдө өтө турган болсо чыгым жагы деле жолго коюлуп калмак. Түркия мамлекети былтыр эле "биз өткөрөлү" деген сунушун билдирген. 2018-жылдан кийин деле өткөрөбүз деп жатат. Мындан башка дагы Монголия, Орусиянын Алтай федерациясы өткөрөлү деген ойлорун айтышкан.

Быйылкы Көчмөндөр оюндарына бюджеттен каражат каралган. Калган каражатты табуу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Каражат жагын ойлонуштурганда Көчмөндөр оюндарын бир мамлекет эле өткөрө бере турган болсо, 4 жылда бир болгону жакшы. Ал эми башка өлкөлөр улантып кете турган болсо, 2 жыл эмес, жыл сайын өтүп турганы деле жакшы болмок", - деди Жаманкулов.

БААТЫРБЕКОВ: "Бул оюндарды башка көчмөн элдер улантып өткөрүп турса жакшы болмок"

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков Көчмөндөр оюндарын башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыкдар боло тургандай жолдорду табышыбыз керек деген оюн билдирди. "Көчмөндөр оюндары туристтерди тартуу, көчмөн элдин жашоосун таанытуу жана көчмөн элдер көп экенин көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келүүдө. 2 жыл болобу, 4 жыл болобу ортодо кандайдыр бир убакыт өткөрүп, анан оюндарды уюштурган жакшы. Эң негизгиси, бул оюнду башка да көчмөн элдер улантып өткөрүп турса жакшы болмок. 2 жыл сайын уланып башка өлкөлөр өткөрүп кетсе, бул оюндардын деңгээли көтөрүлүп, тарыхы Кыргыз өлкөсүндө башталган деп биздин өлкөнүн имиджине жакшы таасир этмек.

Сентябрда оюндар бизде өтө турганы тууралуу көптөгөн өлкөгө маалымат берилген. Быйыл өткөргөндөн кийин башка өлкөлөрдөн "биз өткөрөлү" деген сунуш түшпөсө, анда өкмөт ойлонуп көрүп жаңы сунуштарды көтөрүп чыгышы керек. Аралыгын 4 жыл кылгандан кийин жаңыча форматта иштеп, башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыга тургандай жолдорду табышыбыз керек", - деди Баатырбеков.

ЖЫЛКЫБАЕВ: "Бул маселени быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин талкуулаш керек"

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү жылдардын аралыгын бир аз узартсак деген пикирде. "Иш-чараны 4 жылда бир өткөрүү туура, эл да сагынып калат. Каражат жагынан биздин өлкөнүн эле казынасына күч келет. Быйыл 300 миллион сом республикалык бюджеттен которулуптур. Туризмди өнүктүрүү багытында иш-чараны өткөрүү туура, бирок аралыгын алысыраак, 3 жылда бир өткөрсөк болот.

Бул маселени оюндарды өткөрүп алгандан кийин сүйлөшсөк болмок. Көчмөндөр оюндарын ар бир өлкө кезектешип өткөрө турган болсо, 2 жылда бир болуп турганын колдойм", - деди Жылкыбаев.

ИКРАМОВ: "Өлкөдө Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөн башка да каражаттын жетишсиздигинен чечилбеген маселелер көп"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бюджетте каражат тартыш болуп жатканда Көчмөндөр оюндарын өткөрүү аралыгын узартуу кажет экенине токтолду. "Биздин өлкөдө курулбай жаткан мектеп, бала бакчалар жана башка көйгөйлөр көп, ошондуктан 4 жылда бир эле өтүп турганы жакшы. Биздин казынадан көптөгөн каражат кетип чыгымга учурап жатабыз. Бул Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин биздин өлкөгө келген туристтердин агымы көбөйгөн болсо, анда тез-тезден өткөрүп турсак болмок. Тескерисинче, биздин өлкө көп чыгымга учурап жатат.

Башка өлкөлөр алып улантып кете турган болсо 2 жылда бир өткөрө берүү туура. Бирок андай болбой жатпайбы.

Ооба, туристтерди тартууга, улуттук маданиятыбызды таанытууга жардам берет, бирок каражат жагына келгенде өлкөнүн казынасына күч келип калууда", - деди Икрамов.

КАСЫМАЛИЕВА: "Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү биздин өлкө үчүн ыңгайлуу"

КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева Көчмөндөр оюндарынын 4 жылда бир өтүшүн колдой турганын айтты. "Көчмөндөр оюндарынын 4 жылда бир өткөрүлүшүн мен колдойм. Себеби Олимпиада оюндары деле 4 жылда бир өткөрүлүп жатат. Биз бул убакта жогорку деңгээлде даярданууга үлгүрмөкпүз. Бул 4 жыл менен 2 жылдын айырмасы Кыргыз мамлекети үчүн абдан чоң. Ошол 2 жылда бир жумшаган акчаны 4 жылда жумшасак имидж жагынан да, туристтердин келиши жагынан жана эң башкысы, "Көчмөндөр оюндары" деген брендди алып калуу жагынан уттурбайбыз. Эки жылда бир өткөрсөк каражат жагынан кыйналып калабыз. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү биздин өлкө үчүн эң ыңгайлуу", - дейт Касымалиева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(24)
27.04.2018. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кереги деле жокполчу ушунун биричи жолку откоргондо коптогон курулуштар токтоп калган мектеп бала бакча мугалимдер айлык алабай кыйналыш калганы эсимде...
27.04.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aiba.8327,ал Бишкекте болушу мумкун Ысык колдук туугандар учун жакшы эле пайдасын тийгизет,ар 4 жылда деген жакшы ой экен 2 жылда болсо кызыгы кетип калат ко сагынып кутконго 4 жыл сонун болмок.
27.04.2018. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түркиялыктар өткөрөбүз десе эмнеге аларга беришкен жок?Өткөрсүн башка өлкөлөр деле.Олимпияда да алмашып эле өткөрөт го.Биздин көчмөндөр оюнунан миллиондорду өздөрүнүн бок курсактарына, сол чөнтөккө шылтоо менен эбегейсиз акча солоп көнүп калышкан да ошон үчүн башка өлкөгө бергиси келишбейт.Биздин жеп ичерлердин оюна койсо ар 6 айда өткөргүсү келишет.Бизге кереги жок ар эки жылда өтүүнүн.Ар бир 4 жылда да кереги жок,тегеренип ар өлкөнү анан келсе макулмун.
28.04.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbekasr, башка олколор откоробуз десе береби? эч кайсы олко албай коюп озубуз откоруп жатабыз. Башка олколор алса жакшы болмок, тилекке каршы бирда мамлекет албай койгон. Туркия откоробуз деген эмес, откорсо бермек. Эч кайсы олко албай коюп уят болдуго.
27.04.2018. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошону өткөрөбүз деп канча акча бөлүп аны да жеп ийип атышат. Өзүбүз араң жашап мамлекет араң турганда шаан-шөкөтү жок эле жашап турсак болмок
esimdesin түзөттү 2018-04-27 08:22:57
27.04.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ар 4 жылда анан кез кези менен башка олколорда отсо жакшы болмок
28.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir_said87,Башка олколор откорууну ккаалабай жатса эмне кыласын. Башка олколор буга конул бурган деле жок.
27.04.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар эки жылда отуп,ошого катышкан олколордун баарында кезектеп айланса колдомокмун.Катарынан эле бизде откоруп миллиондорду ошол нерсеге чачканга каршымын.
27.04.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откорбой койсо да мин эсе ыраазымын!!! Ысырапкерчилик дан-дундун кедей мамлекетибизге кереги деле жок!!!!!!
27.04.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстан бир бай болсо екен откоргудой чет олколордон канчалаган карыздарыбыз бар жок дегенде ошолордон кутулуп анан откорсо болмок кытайларды коросун эртен карызыбызды тологуло десе 2 колунарды мурдунарга тыгып отуруп каласынар анан не кыласынар жерибизди бересинер акмактар
27.04.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мага десе 2 ай сайын откорбойбу буга мынча башынарды орутасынар
28.04.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
2 жылда бир откорулсун бирок башка олколор да откорсун ошондо мунун эл арасында кадыр баркыы которулот дуйно эли конул бурат
28.04.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир эле Ыссык колду корсотобуз деп ар 4 жылда кочмондор оюндарына миллиондорду сапырбай откорсо,башка областтарга да откорсун.Мисалы Ошко.Ошондо канчалаган нерселер курулат.А так кереги деле жок бул оюндун.Бюджетте акча ашып атса го мейли дейсин.Ошонун айынан мамлекеттик иште иштегендердин айлыгын кечиктирип,ырыскысын кеспей.Иши кылып ар торт жылда откорсо башка областтарда откорсун!Болбосо кереги жок бизге!
28.04.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда откоруло берсе бюджетке куч келет жана элге таанылбай калат дегенге кошулам,бирок ушул оюн Кыргызстанда чыкканын жана мунун тубун туптоодо Кыргызстандын зор эмгеги бар экенин башка элдер да билиш керек,мисалы Олимпиадалык оюндар Грецияда жаралганын улуу-кичуунун баары билет,андан бери канча жылдар отсо да,канчалаган мамлекеттерде отсо да Греция башкача бир макамга ээ экенин билебиз,ачылыш-жабылышында Грециянын символдору,очпос отту айлантып кайра Олимпиаданын жаралган жери
28.04.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,жаралган жерине айланып барганы эле канча убакыт отсо да гректердин бул оюндардын "атасы" экенинен кабар берет.Биз дагы ушундай бир озгочо макамга ээ болушубузду каалайм,тарыхта калат дейсинер ,бирок эки-уч жолу откозуп койгондон тарыхта калбайт,Туркия сыяктуу бай мамлекеттер озгочо кылып откозуп салса анан бир "аракеттерди" коруп коюшса алар деле ээлик кылып алышат,мейли башка жактарда отсун,бурок тубун жакшылап туптоп алалы,Кыргыздын символикалары кобуроок кошулс
28.04.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,кошулса жана ММКлар аркылуу ж.б аракеттерди кылып дуйнолук аренага чыгарыш керек,бирок ошондой денгээлде откорууго 2жыл аздык кылат,3-4жыл аралыкта откоруш керек жана бир нече жыл бизде откорулушу керек деп ойлойм.
28.04.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка олкого бул кызык деле эмес бир турнирдей эле корушот ,ошондуктан 4жылда бир отсо жакшы болмо же такыр жоюп салыш керек бекер акча коротбой
28.04.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдойм
28.04.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 жылда бир анда да ар олкодо откоруу керек. Менин жеке оюм.
28.04.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи 4жыл жакшы ананда ар олко откоруш кк башка олколор пайда жок болгону учун албайтат каражат жок дейт башка нерсеге андан коро азастан болсода карыздарды тологон жакшы менимче бир жерибизди алдыра електе
28.04.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой 5 жылда откорушсо деле жакшы болмок
28.04.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз ар 2 жылда же ар 4 жылда же ар 10 жылда дейбизби аны менен тиги соргоктор кыла берет өздөрүнө оң кылып. Биздин карапайым элдин оюн укканда Кыргызстан 8-жылдан бери бир топ озгормок.
Тышкы карызыбыз ар бир Кыргызстандыкка 500 доллардан туура келип атат. Аны ойлогон чиновник же президент болсо мындай миллиондогон чыгым кылмак эмес.
28.04.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
4жылда бир өткөргөндү кош колдоп колдойм.Өзүңөр деле ойлосоңор бир колунда жок үй бүлө жылда той өткөргөндөй эле болуп калат экен да.
28.04.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ойум 2 жылда бир откоруш керек бир башка олкого кайра бизге ошондо бизде 4 жылда бир келет башка олколоргода 4 келет мисалы 2016 бизде 18башка олкодо 20бизде 22башка олкодо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: