super.kg logo

Түркияда чет элдик аял видеосабактардын жардамы менен көз жарды

 

Түркияда чет элдик аял видеосабактардын жардамы менен көз жарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы америкалык Тиа Фримен Түркиядагы мейманканалардын биринде YouTube`дан көргөн видеосабактардын жардамы менен аман-эсен көз жарды.

Белгилүү болгондой, Фримен кош бойлуу экенин кеч билген. Ал көз жарганга чейин Германияга барып эс алып келүүнү пландап жаткан, бирок Стамбулга келгенде Фримендин толгоосу башталган. Алгач ал эмне болуп жатканын түшүнбөй, учакта жеген балыкка ууландым деп ойлогон. Бирок интернеттен маалыматтарды издеп, толгоосу башталганын билген.

"Көз жарарыма аз гана убакыт калганын билгенде, интернеттен видеосабактарды көрүп дарыгерлердин жардамысыз эле төрөөнү чечтим. Анын үстүнө мен дарыгерлер менен алардын тилинде сүйлөшө албайт болчумун. Мен интернеттен көргөн сабактарды туура жана так аткарып, өз алдымча аман-эсен көз жардым", - деп билдирген Фримен.

Тиа Фримен ваннаны сууга толтуруп, ошол жакта көз жарган. Бала төрөлгөндөн кийин аны жуунтуп, эмизип уктатып, өзү да уктап калган. Эртеси ал жаңы төрөлгөн баласы менен АКШнын элчилигине кайрылып баласына төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алган. Дарыгерлер эненин жана баланын ден соолугунун абалы жакшы экенин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.04.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тообо, 9 ай боюнда которуп жургонун кантип билбейт.
26.04.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай адамдарга тан каламда. Бала кыбырап тепкилеп оонап билинет.Анан билген эмесмин десе жаканы кармайсында
26.04.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida,ошону айтсан.
26.04.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип тороду екен озу жалгыз
26.04.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашпай тургула!!! Кудайым буйруп менинда боюмда болуп тороп алып торогонго чейин билбей журупмун деп белгилуу болбосомбуу))) Врачтарга акча берсен "Ооба"-дефт илибоюна
26.04.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өткөндө да бир америкалык боюнда бар экенин билбей төрөдү деп жүрөт беле?)Ашыкча болуп кетет...
26.04.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй туугандар кош бойлуу экенин кеч билген деп атат уч торт айына чейин билген эмес окшойтко. Бир болсо сурогунан жанылышып калганго чамасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: