super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков министрге өлкөдөгү темир жол байланыштарын өнүктүрүүнүн маанисин түшүндүрдү

 

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана жол-транспорт комплексин өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн жол-транспорттук комплексинин азыркы абалы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, аймактардын инфраструктурасын, калктын жашоосун жакшыртуу, ошондой эле мамлекет ичиндеги жүк агымын жана жүргүнчүлөрдүн агымын транспорттун альтернативдүү түрлөрүнө диверсификация кылуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында өлкөнүн жол каттамын, анын ичинде Кыргыз жергесиндеги темир жол байланыштарын өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Министр Жамшитбек Калилов жол-транспорттук байланышты өнүктүрүүнүн келечеги жана жолдорду салуу долбоорлору боюнча кызыкдар тараптар менен кызматташуу маселелери жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле ал 2018-жылдын май айында Бишкек шаарында өтө турган Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңешинин кезектеги отурумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: