super.kg logo

Сапар Исаковду сотко берүү маселеси боюнча эксперттердин пикири

 

Канатбек АзизБүгүн, 26-апрелде Райымбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко бергени белгилүү болду. Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралмакчы.

Коомчулукта бул маселе учурда кызуу талкууланууда. Айрым интернет-колдонуучулар "Матраимов Исаковду сотко бере албайт, сотко өкмөттү бериш керек" деп айтышууда.

Саясий илимдердин доктору Канатбек Азиз Матраимовдун Исаковду сотко берүүгө укугу бар деген пикирде. "Мыйзам боюнча Сапар Исаковду Райымбек Матраимов кызматтан алынганы боюнча сотко берүүгө укугу бар. Себеби Исаков Матраимовдун жетекчиси болчу, ошол кетирген. Исаков соттон утула турган болсо, кызматтан алган адамдын ар бир күнүнүн айлыгын өз чөнтөгүнөн төлөп берет", - дейт Канатбек Азиз.

Кайрат ОсмоналиевЮридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев мындай учур саясий практикада болгон эместигин, саясий кызматтагыларга жетекчисин сотко берүүгө чектөөлөр бар экенин айтты. Ал бул жерде саясий оюн болуп, маалыматтык согуш жүрүп жатканын баса белгиледи.

"Жөнөкөй жарандар жумуштан кетиргенин айтып, моралдык чыгымын төлөтүп алууга болот. Ал эми саясий кызматта отургандар кызматтан алынганда жетекчисин сотко берген биздин практикада болгон эмес, саясий кызматкерлерде чектөөлөр бар. Мисалы, мугалим мектеп директорун "мени жумуштан алды" деп сотко берип, эмгек укугун коргоо менен жумушка кайра орношууга болот.

Бул жерде маалыматтык согуш болуп жатат. Сот Матраимовдун арызын карабайт деп ойлойм. Карабаган күндө деле мындай маалымат коомго тарап кетти. Райымбек Матраимов унчукпай жүрө берсе "чын эле Матраимов туура эмес кылыптыр, мыйзам чегинде эле жумуштан бошотуптур" деген ой коомдо калып калмак. Ушул нерсени жок кылыш үчүн "мен акмын, актыгымды далилдей алам" деген нерсени билдириш үчүн сотко кайрылып жатат", - деген оюн айтты Осмоналиев.

Сапар Исаков бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Бүгүн Райымбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду "негизсиз жумуштан алды" деп сотко бергени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
26.04.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оч алмай башталды. Бири бирине болгон чыккынчылык, биринин кочунуно бироо суу куймай. Жакынкы убакта абал тынч болбойт. Башынан эле ээрге кыйшык отуруп алышты.
i1urp түзөттү 2018-04-26 18:09:42
26.04.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура актанып жатат да. А эмне учун Сапар Исаков иштеп турган убакта укугун коргоп сотко берген эмес. Кеткен кишини тоо басты кылып жатат. Матраимов жеп жуткан дагы эле болсо элди доодур ойлоп актангандагысы сотко бергенин жарыялап
26.04.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Исаков туура кылган кызматтан алып. Конечно Матраимов ызаланып жатат Бажы кызматы майлуу-суттуу жер. Коррупциялык жол менен коптогон акчаларды таап жаткан.
26.04.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ит менен дос болсон акыры бок, соок талашысын. Жаман ит семирсе ээсин кабат болуп жатат Сапардан оч алуу аракети.
26.04.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы примьер деле эч жыргатпайт. Сапарды жон коюп эле камчылап иштетиш керек болчу. Чыныда Сапарды эл учун эмес, оз кызыкчылыктары учун гана алып коюшту. Убакыт отот, Сапарчиктин окмотто эч жамандыгы деле жок болчу. Болгону эки уч депутаттын жеке кызыкчылыгы роль ойноп койду. Окунучтуу.
26.04.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Матраимов байлыгы чексиз, мынча байлыкты кайдан жыйганы белгилуу эледа. Таза иштеген кишинин мынча байлыгы болбойт. Жумуштан алынганы туура эле чечим болгон. Сооронбай Шарипович, ушуга окшогон Раим, Матраимдерден алыс эле болгонунуз жакшы. Кадыр баркынызды жоготуп албаныз.
26.04.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер чын эле президент корупсия менен курошом десе матраримовду камап бут мулкун конфискациялаш керек. Эгер Исаковду соттосо анда президент корупсия менен курошпой эле оз чонтогунун камын ойлоп аткан болот
26.04.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daiyrbek01,корупсия эмес!))) коррупция
27.04.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
спектакль
27.04.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Райым миллиенду текшергиле иш козгогула,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: