Сапар Исаков УКМКдагы суракта 2 саат болуп чыкты



Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратынан чыкты. Ал суракта 2 саат болду.
Исаков журналисттерге УКМКга Бишкектеги ЖЭБ боюнча чакырылганын айтып, тергөөчүлөрдө анын президенттик аппаратта иштеген убактагы жумуштары боюнча кээ бир суроолор бар экенин билдирди. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деди мурдагы премьер-министр.
Ал эми эмне себептен УКМКга чакырылганын коомго жарыя кылганын Исаков "коом баарын билиш керек, эч кандай сыр болбош керек" деп түшүндүрдү.
кошулду
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКда 2 саат суракта болуп чыкты
Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
7

