super.kg logo

Серж Саргсян өзү жетектеген "Республикачылдар" партиясынын лидерлигинен кетти

 

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсян өзү жетектеген "Республикачылдар" партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Серж Саргсян лидерликтен өлкөдө тынчтык орношу үчүн кетип жатканын билдирген. Учурда партия лидерлигине эч ким шайлана элек.

Эске салсак, Серж Саргсяндын премьер болушуна каршы болгон миңдеген эл көчөгө чыгып, эл тарабынан жолдор тосулуп, полиция менен кагылышуулар орун алган. Ушул себептен Саргсян кызматынан кеткенин 23-апрелде жар салган.

Ушул жылдын 17-апрелинде парламент Серж Саргсянды премьер-министрликке жактырган. 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.04.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аша да ошондой кылам деди бирок болбой калды! Бүт сабатсыздарды жанына топтоп чоң иштерге киргизип генерал майор чинин бере берди кесепети ушул чекесинен тазалап жатат Соке досу!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-04-26 21:02:53
26.04.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azatbek.Svoboda.,АША ким озу?
26.04.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АШАнын адамдары калбады окшойт бийликте,ветеринарынан баштап прокуроруна чейин тазалады Соке.Эми иш алдыга жылат деп ойлойм буюрса!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: