super.kg logo

Алмазбек Баатырбеков: "Көчмөндөр оюндарын башка көчмөн элдер улантып өткөрүп турса жакшы болмок"

 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

Депутат Көчмөндөр оюндарын башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыкдар боло тургандай жолдорду табышыбыз керек деген оюн билдирди. "Көчмөндөр оюндары туристтерди тартуу, көчмөн элдин жашоосун таанытуу жана көчмөн элдер көп экенин көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келүүдө. 2 жыл болобу, 4 жыл болобу ортодо кандайдыр бир убакыт өткөрүп, анан оюндарды уюштурган жакшы. Эң негизгиси, бул оюнду башка да көчмөн элдер улантып өткөрүп турса жакшы болмок. 2 жыл сайын уланып башка өлкөлөр өткөрүп кетсе, бул оюндардын деңгээли көтөрүлүп, тарыхы Кыргыз өлкөсүндө башталган деп биздин өлкөнүн имиджине жакшы таасир этмек.

Сентябрда оюндар бизде өтө турганы тууралуу көптөгөн өлкөгө маалымат берилген. Быйыл өткөргөндөн кийин башка өлкөлөрдөн "биз өткөрөлү" деген сунуш түшпөсө, анда өкмөт ойлонуп көрүп жаңы сунуштарды көтөрүп чыгышы керек. Аралыгын 4 жыл кылгандан кийин жаңыча форматта иштеп, башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыга тургандай жолдорду табышыбыз керек", - деди Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
27.04.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көчмөндөр оюну биринчи жолу өткөрүлүп баштаганда уюштуруучусу Мадумаров ар мамлекетте өткөрүлөт дегендей болду эле.Кийин эле Мадумаров кеткенден кийин өзүбүздө эле өткөрүлүп калды го.Негизи ар башка мамлекеттерде өткөрүлүп турса жакшы болмок го дейм.
28.04.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мээси жоктор дайыма бизде боло берсе кызыгы жок болуп калат башыңарды иштетсеңер. Жегенден башканы билбеген доңуздар
27.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туркияга бербей коюшту го... Бизде баягы эле жеп ичмей. Отчетун корсон оозун ачылат 9000 сомдук кочоттой. Азыр деле кеч эмес. Озубуз Кытайга эле 2 миллиард доллар карыз болуп турганда эмнеге бербейбиз Туркторго?
28.04.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башында чыгашадан киреше ашып ьүшөт оозунан шалагын чачыратып мактанышкан эле. Көрсө эптеп бюджеттин чекесинен кажып калуу болгон экен.
28.04.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошончолук каражат кетип жатса,башка өлкөлөр чыгаша кетиргиси келбейт да
28.04.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бекер жеп ичип деле акчаны жок кылып жатышат эми нормально откоргуло башташы баштар аягында чыдабай койсок уят болобуз
28.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
love_story, жомок айтпачы?!! Ошончо акчаны талаага сапырганда башынарга муйуз осуп чыгабы?!!

Тышта эл ар бир сомун эсептеп иштеп жатат. Силерге болсо эптеп эле жок кылыш керек экен да ээ элдин акчасын?!! Ал деген ЭЛДИН АКЧАСЫ, элден сурагыла биринчи!!!

Ким макул болсо озунор акча чогултуп откоро бергиле. Элдин акчасына тийбегиле
28.04.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизи мындай оюндар олкого туз( кыйыр эмес) киреше алып келиш керек да.Коч.оюну бир гана чыгаша, атугул коноктор биздин акчага келип кетишет. Ар бир айыл окмоттон бери жоношот. Ушул сыяктуу чыгашалуу иш чаралардын башка олколорго эмне кереги бар, алардын жетекчилери биздикилерден акылдуурак.
28.04.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кысып эле олтуруш керек ошого кеткен акчаны кытайдан карвздан кутулуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: