"Өлкөдө Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөн башка да каражаттын жетишсиздигинен чечилбеген маселелер көп" дейт депутат Икрамов
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.
Ал бюджетте каражат тартыш болуп жатканда Көчмөндөр оюндарын өткөрүү аралыгын узартуу кажет экенине токтолду. "Биздин өлкөдө курулбай жаткан мектеп, бала бакчалар жана башка көйгөйлөр көп, ошондуктан 4 жылда бир эле өтүп турганы жакшы. Биздин казынадан көптөгөн каражат кетип чыгымга учурап жатабыз. Бул Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин биздин өлкөгө келген туристтердин агымы көбөйгөн болсо, анда тез-тезден өткөрүп турсак болмок. Тескерисинче, биздин өлкө көп чыгымга учурап жатат.
Башка өлкөлөр алып улантып кете турган болсо 2 жылда бир өткөрө берүү туура. Бирок андай болбой жатпайбы.
Ооба, туристтерди тартууга, улуттук маданиятыбызды таанытууга жардам берет, бирок каражат жагына келгенде өлкөнүн казынасына күч келип калууда", - деди Икрамов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аида Касымалиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.
кошулду


Ушуга чейин 2 жолу кочмондор оюну откорулду, миллиардлаган акчалар талаага чачылып, алардын бир болугу уурдалды. Эл эмне тапты?!!
Кана Кыргызстанда туризм дуркуроп осуп олко экономикасы онолуп кеткени?!!
Эгер Сокенердин башы иштесе, токтотсун кочмондор оюун. Ошого жумшалчу акчаларга мигранттарга шарт тузуп, ошолордун укугун коргосун Окмот!!!