super.kg logo

Кыргыз жараны оор абалда Чечен Республикасынын чек арасынан табылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Чечен Республикасынын чек арасында психикалык жактан жабыркап, оор абалдагы Кыргыз жаранын мекенине кайтарышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны А.Б. бир тууган агасын Чечен Республикасынын Гудермес шаарынан алып келүүгө жардам сурап кайрылган. Элчилик тарабынан ыкчам түрдө консулдук бөлүмдүн кызматкери Чечен Республикасындагы элчиликке жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 30 жаштагы З.Б. аттуу Кыргыз жараны Чечен Республикасы менен Дагестан Республикасынын чек арасынан психикалык жактан жабыркап, оор абалда табылган. 25-апрель күнү Кыргыз жараны элчиликтин коштоосунда Москва шаарына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген. 26-апрелде оор абалдагы жаран мекенине жөнөтүлмөк. Ошондой эле элчиликтин кызматкери Орусиянын ИИМинин аталган республика боюнча миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп, чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборуна барган. Ал жерде Кыргыз жарандары жок экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.04.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чечендерге кулчулукка кабылган бейм.Эмне болуп ал жака барып калыптыр?маалымат болуп калса жазып койгулачы супер инфо!
27.04.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат, рахмат!
27.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кайран гана кычыраган курак 30 жаш.Элди тентиткен ата-энени баладан баланы ата-энеден ажыраткан ушул мезгилге ким күнөөлүү .Дүнүйө издеген бизби же бийлик күнөөлүүбү?Жашообуз оңолуп баардык үй бүлө мүчөлөрү бир үйдө жашаган күн качан келет экен мурдагыдай биздин балалык кездегидей.
27.04.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чечен калкы озу билим маданят менен жашагандан алыс , зомбулук зокурлукту жакшы коргон калк . Алдап алып кеткен жакшы айлык беребиз деп .
27.04.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортсмен рекеттир да Чеченстанга ошондой эркектер эле барбаса жон адам иштегени, же турист болуп бармак беле.
27.04.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Добрынский метронун алдында документ жасаган спортсмен сорой балдар чечендерге дань толойт.Ошолордун бироосу чыгар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: