super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл.Токон Мамытов Ысык-Көл облусунун элине ыраазычылык билдирди

 
Токон Мамытов Ысык-Көл элине ыраазчылык билдирүүдө
Жыйындын катышуучулары
Жергиликтүү жетекчилер Токон Мамытовго чепкен, тебетей кийгизишип,камчы белекке беришти
Токон Мамытов мындан ары дагы Ысык-Көлдүктөргө колунан келген жардамын берерин айтты

Бүгүн, 20-июнда облустук администрациянын кичи залында 1-июндан бери өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп иштеп келе жаткан Токон Мамытов Ысык-Көл облустук жетекчилер, райондук акимдер, айыл өкмөттөрү жана башка өкүлдөрдүн башын бириктирип чакан маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында Токон Мамытов коргоо, коопсуздук жана чек арадагы маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп жаңы дайындалганына байланыштуу өкмөттүн облустагы өкүлү башка адам боло турганын айтып өттү. Анда аз убакыт болсо дагы Ысык-Көл тургундары менен бирге иштешип, аны колдогондору үчүн ыраазычылык билдирди. «Эгерде Шамиль Атаханов отставкага кетпесе, ар бирибиз өз ордубузда иштей бермекпиз. Мен алыста болсом дагы ар дайым Көл аймагынын тургундары менен тыгыз байланышта болуп, колумдан келген жардамымды аябайм, силерге чоң рахмат»,- деп кошумчалады. Жергиликтүү жетекчилер Токон Мамытовдун аткарган ишине ыраазычылык билдиришип, кийинки иштерине дагы ийгилик каалап, тебетей, чепкен кийгизип, "сапарыңыз байсалдуу болсун" деп камчы белекке беришти. Кошумчалай кетсек, облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, жакынкы күндөрү облус башчысы дайындалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: