super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарына даярданууда

 

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын Орусияда өткөрүүдө.

Жайкы Азия оюндары Индонезияда 2018-жылдын 18-августунан 2-сентябрына чейин өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 100гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Мелдешке даярдануу максатында эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын Орусиянын Махачкала шаарында өткөрүүдө. Жыйындар 24-апрелден 10-майга чейин өтүп, жыйындардан кийин курама команда 10-майдан 15-майга чейин өтө турган Али Алиевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат.

Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов курамга 10 спортчуну чакырган, алардын арасында Азия чемпиону Муслим Евлоев бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бекболот Мырзаназар уулу - спорт чебери;

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алибек Ташматов - спорт чебери;

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алибек Осмонов - спорт чебери;

Эрназар Акматалиев - спорт чебери;

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Исламбек Орозбеков - спорт чебери;

Мансур Сыргак уулу - спорт чебери;

74 килограммга чейинки салмак ченинде:

Муслим Евлоев - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Бекжан Камчыбеков - спорт чебери;

79 килограммга чейинки салмак ченинде:

Атай Изабеков - спорт чебери;

92 килограммга чейинки салмак ченинде:

Эмил Аширалиев - спорт чебери;

Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов;

Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Таабалды уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: