super.kg logo

Жашы 18ге чыга элек өспүрүмдөргө интернеттеги айрым видеолорду көрүүгө чектөө коюу сунушталды

 

"Кыргыз эл" коомдук уюму өспүрүм балдарды интернеттеги терс көрүнүштөрдөн сактоо үчүн 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө андагы уят нерселерди көрүүгө чектөө коюуну сунуштады. Бул тууралуу коомдук уюмдун мүчөлөрү бүгүн, 27-апрелде өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Коомдук уюмдун мүчөсү Сейтек Дүйшөналиевдин айтымында, интернеттеги баш аламандыкты атайын мамлекеттик орган тескеп турушу зарыл. Мындан сырткары, интернет менен камсыз кылган провайдерлерге да жоопкерчилик жүктөлүп, алар жашы жете элек өспүрүмдөргө интернеттеги терс, уят, ыплас нерселерди көрүүгө чектөө коюшу керек.

"Бүгүнкү күндө ар бир балада түрдүү гаджеттер бар. Алар интернетке кирип каалаган маалыматын таап карай алышат. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын интернетте эмне көрүп жатканына көңүл бөлүшпөйт. Мындай көңүл кош мамиле өлкөдөгү өспүрүмдөр арасында жыныстык катнашка эрте баруунун көбөйүшүнө жана буга байланыштуу көптөгөн маселелердин жаралуусуна алып келүүдө. Акыл-эси токтоло элек балдарды диний экстремизм, зөөкүрдүк, мыкаачылыкка үндөгөн терс көрүнүштөрдөн коргоо керек", - деди Дүйшөналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
27.04.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энтуура сунуш давно болуш керек эле Бул иш
27.04.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш жузуно ашырыш кыйын.
27.04.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишке го ашырышат дейли. Оспурумдун жашын кантип аныкташат?
27.04.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишке ашыруу керек)
28.04.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанилуу маселе, бирок мындай чектоолор эчак эле бар, болгону жашты катуу козомолдогон механизм иштеп чыгышбаса ишке ашбайт, мугалимдер оздору мектеп окуучуларына интернеттен тапкыла деген уй тапшырмаларын беришет экен, ошолор токтолуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: