super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эмил Токтошев: "Илим Карыпбековдун КТРКнын башкы директорлук кызматын ээлешине моралдык укугу жок"

 

Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде SUPER.KG порталынын соболуна "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев жооп берди.

Токтошев Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлук кызматын ээлешине моралдык укугу жоктугун айтты. "Карыпбеков өзүнүн келечегин ойлосо арыз жазып кетип калышы керек. Себеби ал "Белизгейт", Өмүрбек Текебаев боюнча элдин башын айландырган бир тараптуу маалымат берип турган. КТРК элдик болгондон кийин коомдогу жаңылыктарды берип турушу керек. Карыпбеков КТРКны бир топтун каналына айландырып койду", - деди Токтошев.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: