super.kg logo

Эки жыл мурун Өмүрбек Текебаев айтып чыккан "Манас" аэропорту боюнча маселе кайра көтөрүлдү

 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов "Манас" аэропортунда учак жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдоочу цехтин баасы боюнча маселени кайрадан көтөрдү.

Анын билдиришинче, цех 2012-жылы базар баасында 2 миллион доллар турганына карабай аэропорт 12 миллион долларга сатып алган.

"Учак жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдоочу эки бөлүктөн турган цехти 10 жыл чет элдик компания иштетип, эскилиги жеткенден кийин эксклюзивдүү укугун мамлекет өзүнө алган. Андан кийин Европа мамлекеттеринен 3 миллион еврого жаңы цех орнотуп беребиз деген сунуш болгон экен. Ага карабай иштеп жаткан бизнес катары эл аралык компанияга 15 миллион долларга баалатып 12 миллион долларга сатып алган. Эксклюзивдүү укук алынгандан кийин ал жараксыз буюм сыяктуу болуп калат. Базар баасында бааласа, 2 миллион доллар гана болмок. Бүдөмүктүн баары ушул жерде жатат.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан "ал акчага цехтин 27 имараты бааланган" деген кат келип жатат. Аэропорттун өзүндө 27 имарат жок. Чет элдик компания 27 имаратты сала албайт да болчу. Анткени аэропорт стратегиялык объект. Ошондуктан Коррупцияга күрөшүү кызматы кайра текшерип чыгышы керек", - деди Шыкмаматов.

Эске салсак, 2016-жылы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени көтөрүп: "Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропорту башкармалыгын жетектеп турганда учактагы жүргүнчүлөргө тамак-аш даярдоочу цех мамлекеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алынган, бирок чыныгы баасы 2 миллион доллар болгон эле", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.04.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевге президент мезгилинде бир нече эселеп пайдасына жер сатуу колунан келген адамдан баарын кутсо болот.
Tunerbei1812 түзөттү 2018-04-27 14:56:05
27.04.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупция менен курошом деген Экс перизент жан жоокорлору атасын жаман эле уят кылып атасынар
27.04.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгын текшерип сотоп салса жеген кандай пайда экенин башкалар тушунот беле
Чиновниктерге закондун тиши отбойбу

28.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулаган жук боюнча айтпайсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: