super.kg logo

Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын депутаты кыргыз тилин үйрөнүүдө

 

26-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын депутаты, Кыргыз мамлекети менен кызматташуу боюнча достук тобунун төрагасы Ли Жонг Бае менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Кылычбек Султан маектешин Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий абал менен тааныштырып, парламенттик башкаруу жана Жогорку Кеңештин ролу өлкөдө өсүп жатканын кабарлады. Эки тарап биргеликте Түштүк Кореяга иштегени бара турган Кыргыз мигранттарынын санын көбөйтүү, эки өлкө ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүштү.

Өз кезегинде Ли Жонг Бае Кыргыз өлкөсү менен кызматташуу боюнча достук тобунун төрагасы катары өлкөдө болуп жаткан окуялардан кабар алып турарын белгиледи. Ошондой эле депутат Кыргыз өлкөсүнө келерге жакын кыргыз тилин үйрөнүп жатканын айтты. Анын айтымында, кыргыз тили менен корей тилинин айрым грамматикалык эрежелери жана сүйлөм түзүлүштөрү аябай окшош.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
27.04.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо красачик кылыч братан ишинин устасы
28.04.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элине болгон урматы учун рахмат ошол Кореялыка, а омур бою жашаган Орустар, орус жетечилер тилибизди урупда ойнобойт.
28.04.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,туура айтасыз буга биз өзүбүз күнөөлүүбүз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: