super.kg logo

Журналист Элнура Алкановага карата кылмыш иши токтотулду

 

Журналист Элнура Алкановага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Медиа полиси институттунун юристи Алтынай Исаева билдирди.

Маалыматка ылайык, журналистке карата эки берене боюнча кылмыш иши козголгон.

"Журналист Элнура Алкановага карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы аныкталган жок. Башкача айтканда, ага карата кылмыш иши токтотулду", - деп билдирет аталган институттан.

Эске салсак, 18-декабрда Башкы прокуратура анын журналисттик материалы боюнча иликтөө жүргүзүп, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айта кетсек, "Фергана.ру" веб-сайтынын басылмасында "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик материал жарыяланган.

Кийин өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.

"Анда келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы "Фергана.ру" басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги тууралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат", - деп жазылган маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
27.04.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура чечим!
27.04.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмыш козгогон соттордун озуно козгош керек буйрук аткарган!
27.04.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин буйругу экенин айтсын элге жок дегенде ошол соттор, жузун тазаласын
28.04.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапарды чумарит этет экенда эми))
28.04.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Фергана деген чыгымчыл СМИ, анти-кыргыз+провокатордук сайт,орустардын. Сайтты жаап салып ал эми алардын журналисттерин аккредитациясын алганы туура болмок. Калп эле оппозиция деп эле чыгара бербей.
progresskg түзөттү 2018-04-28 08:53:25
28.04.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
С Исаков кызматтан кетип иш жабылыптырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: