Министрлер "президенттин оң колумун" деген белгисиз кишиге алданып, акча берип жүрүштү
"Президенттин оң колумун" деп министрлерден акча талап кылган окуя тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Анда президенттин жардамчысымын деген белгисиз жаран "кресло үчүн ыраазычылык билдиришиңер керек" деп бир нече мекеменин башчыларына телефон чалган. Ал мындай жол менен чиновниктерден 150 доллардан алганы айтылат.
Бул факты боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул окуя боюнча 25 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет шаардык милиция.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Жанлык кучтуу дуйно жузуу укту
Чиновниктер дагы алданышат бекен деген ой кетет
Креслонун баасы канча болот
анда жон эле адам чалса 150 доллар
берсе
Чын экенине ишенбей турган нерсе
Кимдер экен чиновниктер