super.kg logo

"Ак илбирс" киносыйлыгы актёр Азамат Улановду ыйлатты

 

27-апрелде Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы тапшырылды.

2012-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан иш-чара быйыл 7-жолу орун алды. Сыйлоо аземинин негизги "Мыкты фильм" номинациясын Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы жеңип алды. Аталган номинацияга "Апамды издеп" менен "Саякбай" тасмалары да ат салышкан.

"Эркектин мыкты ролу" номинациясына Кыргыздын белгилүү актёрлору менен ат салышкан жаш актёр Азамат Уланов өзүнүн "Апамды издеп" тасмасындагы ролу үчүн ээ болду. Сыйлык тапшырылып жаткан мезгилде жаш актёр көзүнө жаш алып: "Бул сыйлыкка ээ болгонума сыймыктанам, элибиздин атактуу актёрлору менен бул номинацияга көрсөтүлгөнүм эле чоң жетишкендик. Номинанттардын тизмесин көрүп, сыйлыкка ээ болом деп ойлогон эмесмин", - деди Азамат Уланов.

"Аялдын мыкты ролу" номинациясына "Кентавр" тасмасына тартылган Таалайкан Абазова ээ болду.

"Ак илбирс" сыйлыгына ээ болгондор:

"Мыкты фильм": "Кентавр" - Актан Арым Кубат;

"Мыкты режиссёрлук иш": "Кентавр" - Актан Арым Кубат;

"Мыкты сценарий": "Кентавр" - Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров;

"Аялдын мыкты ролу": "Кентавр" - Таалайкан Абазова;

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы: "Апамды издеп" тасмасы, режиссёру Руслан Акун;

"Эркектин мыкты ролу": "Апамды издеп" - Азамат Уланов;

"Мыкты монтаж": "Апамды издеп" - Элдияр Мадаким;

"Мыкты сүрөтчү": "Саякбай" - Төлгөбек Койчуманов;

"Мыкты үн режиссёр": "Саякбай" - Бакыт Ниязалиев;

"Мыкты композитор": "Саякбай" - Муратбек Бегалиев;

"Мыкты оператордук иш": "Саякбай" - Хасан Кыдыралиев;

"Мыкты даректүү тасма": "Оймок" - Касиет Кубанычбек кызы;

"Мыкты кыска метраждуу тасма": "Киноман" - Аскар Нуракун уулу.

"Борбор Азиянын мыкты актёру": Дульга Акмолда (Казакстан);

"Борбор Азиянын мыкты актрисасы": Шахзода Матчанова (Өзбекстан);

"Борбор Азиянын мыкты тасмасы": "Оралман" - Сабит Курманбеков (Казакстан).


кошулду





Азамат Уланов "Ак илбирс" сыйлыгына татыды

Азамат Уланов "Ак илбирс" сыйлыгына татыды 2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(12)
27.04.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сыйлык кут болсун!!! Мамлекеттик денгээлдеги иш чара болуп жаткандан кийин жакшына кицип барса болот жок дегенде ак койнок,баары эмес кээ бири кочодогу боюнча эле кирип барганго чамасы.
27.04.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан ары да чон чон ийгиликтерди каалайм
27.04.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын Азамат куттуктаймын, чоон эээле кишини кичинертип койгондой акыл эси кургазору ото жогору бала бп чоноюп тур сен ушул даражага жеткирген атаэнене рахмат!
28.04.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Busi06,чонойбой эмне, болгону бою кичинекей. Ыйлай эле берет экен да. Ото эмоционалдуу окшойт. Эх, байкуш Марат Жанталиевге эле берсе болмок экен. Кантсе да Саякбай Каралаевдей чон инсанды жаратып, ойнош чон кучту талап кылат, Америкага барып апасын издегенге караганда..
28.04.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сыйлык кут болсун!! Саякбайдын ролу учун Марат Жанталиевге берилсе жакшы болмок беле деген ой кетти, эки кинону тен коргон жокмун, менин жеке оюм.
28.04.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bibi87,эн туура мен да кошулам ,Азаматты коргонумо 3-4 жыл болсо ,Жанталиевди 24 жылдан бери кором экрандан.Саякпайга да коппия болгонун коруп,кубанган элем.Ото окунучтуу.......
28.04.2018. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да искусствого конул буруулар болуп жатат деп кубанып алдым)))
Ушул аземди жогорку денгээлде откорушсо эми...
28.04.2018. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аза молочик, красавчик
28.04.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саякпай киносуна берсе болмок.Туура чечим кабыл алышпаптыр
28.04.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассоль Молдокматовабы сары час аял. Семирип кетиптир эгер ошо болсо.
Менда Саякбайды ойногон актёрго берсе деп ойлогом. Азамат да убакыт өтүп чоноюп мыкты роль ойноп женип алмак. Марат Жанталиев да мыкты актёр.
28.04.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уюштуруучулар Ак Илбирс сыйлыктын логотиби менен тент жасатып коюшса болмок суротко тушконго,элдин эсинде калмак,башкалар да билмек(чет олколукторго) жана культурныйраак болмок,пустой жерге тура калып эле тушуп жатышат,азыр тойканаларга барсан деле жакшынакай тент жасатып коюшат го..
28.04.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Иним онорун оркундой берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: