super.kg logo

Токмокто 44 жаштагы аял киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

 

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-июндан 19-июнга караган түнү Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда өлгөн адамдын денеси табылган. Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу маалыматына ылайык, ал бийик жерден кулап каза болгон жаран 48 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган. Ыкчам чара көрүүнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары каза болгон жаран менен чогуу жашаган 44 жаштагы аял кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Белгилүү болгондой, окуя болордун алдында кармалган аялдын үйүндө коноктор болгон. Ал чогуу жашаган адам менен уруша кетип, урушту териштирүү үчүн экөө сыртка чыгышкан. Уруш учурунда аял эркекти түртүп жибергенде ал 4-кабаттан кулап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: