super.kg logo

Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштады

 

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. Ал КТРКнын жетекчилиги 2017-жылы 1 миллион 500 миң долларга алынган көчмө студия алганын, саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендигин жана отчёттогу айрым кемчиликтеринин айланасында коомдо кызуу талкуу жүрүп жатканын негиз кылган. Ишенбөөчүлүк көрсөтпөө сунушу тууралуу Азамат Болгонбаев SUPER.KG порталына мындай деп билдирди.

“1 миллион 500 миң долларга сатып алынган көчмө студиянын техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы тууралуу так маалымат берген эмес. Ошондой эле саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтери үчүн Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштайм. Депутат Каныбек Иманалиевдин көчмө студияны сатып алуудагы процесстерди тийиштүү органдарга текшерүү боюнча берилген сунушун колдойм. Мени байкоочу кеңештин башка мүчөлөрү колдойбу билбейм. Бирок кийинки жыйында кесиптештерим абийир, ар-намыс, акыйкат деген принциптерди эске алса, башкы директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизем. Азырынча кийинки отурум качан болору тактала элек”, - деди Болгонбаев.

Белгилей кетсек, байкоочу кеңештин курамы 15 адамдан туруп, 5 жылга шайланат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
28.04.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат эми ойгондунбу сен айтып жаткан нерселер кечее күнү болгон жок да неге ошол убакта айтпадын оозуна талкан салып качан ээми Депуттатар көтөрүп чыккандан кийин кыйын болосунар раз эл ишенип көзөмөл комиция кылып дайындагандан кийин ошол айткан нерселерин болору менен айтышын керек эле түштөн кийин баатыр болбой
28.04.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкоочу кенеш ушул убакка чейин эчнерсени байкабай калганынар кызык экен!? Илим деген баягы аварияда аман калганда эле Кудай деш керек болчу, бул текскерисинен кетти го
28.04.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Куурчак" болуп алган го бироого. Тыйын алган окшойт заказ бергендерден. Айдан ачык корунуп турат. Мурда кайда эле? Кыйын болсо мурда эмнеге унчуккан жок.
28.04.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылын түштөн кийин кирдиби. Жерге жыгылган адамды ким деле болсо тебет. Кыйын экенсинер отчетун өткөрбөй койбойт беленер. Канчалаган бурмаланган материалдар кетип атканда чогулуп байкот жарыялабайт беленер!
28.04.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоо кеткен соң кылычыңы ташка чап. КТРКнын эки жактуу маалымат бергенин эс тарткандан бери көрө элекмин. Акаевдин убагында анын Бакиевдин убагында анын Атамбаевдин убагында мунун камчысы болуп келген. Айрыкча Илим Карыпбеков болгон күндөн тартып бир эле Атамбаевдин менчик телеканалындай болуп иштеди. Текебаевди жана ушуга окшогон бийликтин саясий опоненттерин көз көрүнө эле шывап жамандап далили жок жомоктору менен жалаа жаап элге жаман көрсөтүүнүн амалын кылып келишти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: