super.kg logo

Ренат Самудинов менен жубайы Элнура Молдокадырова АКШдагы мыйзамсыз келген иммигранттарды кармоочу жайда 4 жылга чейин кармалышы мүмкүн

 

Жарандык активист Ренат Самудинов менен аялы, журналист Элнура Молдокадырова учурда АКШнын Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келген иммигранттарды кармоочу жайда камакта. Бул тууралуу АКШнын иммиграциялык жана бажы полициясынын расмий сайты жарыялаган.

Белгилүү болгондой, Кыргыз жарандары аталган кармоочу жайда АКШ аймагында жүрүүгө уруксаты бар же жок экендиги аныкталганга чейин болушат. Бул болжол менен 1 жылдан 4 жылга чейинки убакытты түзөт. Бирок 4 жылдан ашык убакыт кармалгандар да кездешкен.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 19-октябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигине АКШнын чек ара кызматы тарабынан 18-октябрда Самудинов менен Молдокадырованын кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын кармалуу себебин жана кандай абалда кармалып тургандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги АКШнын чек ара жана иммиграциялык кызматы менен байланышкан.

Натыйжада Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан кармалганы маалым болгон. Белгилүү болгондой, кармалгандан кийин алар АКШдан саясий башпаанек сураган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.04.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызым жат жерде кор болдукго. Канчабыз жол кырсыгына учарыдык канчасы өрт кырсыгынан каза болду канчасы жеке кордук кордүк качанга чейин ушинтебиз качан өлкөбүз өнүгүп качан өз жерибизден чыкпай уул кыздарыбызды тарбиялап отурабыз. Алмаз алкаш.
28.04.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Булардын өзүндө күнөө... Эмне эле кетээрге чукул 180 градуска өзгөрүп,нан таап жеп жаткан жерлерин жамандап калышты десе,кеп бул жакта жаткан тура.. Болбосо буларда кайдагы саясий салмак.. Баары бир эле кыргыздын баласы болгон үчүн бооруң ооруйт да..
28.04.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жанакы эшектин этинин бетини ачкан журналист кызбы
28.04.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
maks94.kb, ооба ошол. Куйоосу да бийликти сындаганы учун куугунтука алышкан, олкодон кетууго аргасыз болушкан. Жардам берип койсо болмок, биздин элчилик.
29.04.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Han1111, бул жагы кичине калп болуп калды.. күйөөсү өзү эле бир соц тармакта мага минтип жатат, тигинтип жатат,мен бул партиядан чыктым деп ызы чуу кылып жүрдү.. Чындыгында эч ким көңүл бурган жок бул балага..
29.04.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин жогорку жактагы колунан жардам келе турган адамдар ушуларга жардам берсе жакшы болот эле,эмнеси болсо да өзүбүздүн
Кыргызстандын жарандары.Тиги баланы тааныбайт экем,бирок жубайы Эльнура тв да иштеп,жакшы программаларын алып барганын көрүп калат элем.Жардам берип койгула эми бирөөнүн бөтөн эл бөтөн жерге кор кылбай.
29.04.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал озунчо саясат экен, саясий башпаанек сурашып калып калганга коп мумкунчулук бар имиш, кармалган жайда канча салмак мн кирсен ошончо мн чыгат экенсин, тил уйротот экен, бир тааныштар америкада жашагысы келип эле кетип калышты, менин боорум ачыбай эле суктанып атам, балдары бар болсо 6 айдан ашык кармабайт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: