Башкы прокуратура: "Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын эсепчиси 4 миллион 694 миң сом акчаны мыйзамсыз өздөштүрүп алган"
Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп алган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 171-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 304-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Анда Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси А.У. бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү үчүн фиктивдүү ОсОО түзүп, жасалма жол менен зарыл болгон документтерди оорукананын муктаждыктарына деп ОсООнун эсебине каражаттарды которуп келген. Жыйынтыгында мыйзамсыз өздөштүрүлгөн каражаттын көлөмү 4 миллион 694 миң сомду түзгөн. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Ушуга окшогон кам шариктер иштейт пайдасынан зыяны коп омур бою турмо элдин акысын жеегини учун
Меердин связы болгон болуш кк
Элди ойлобогон акмак.