Көк бөрү боюнча финалдык беттеште Таластын командасы жеңишти камсыздады

Бүгүн, 28-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдешти "Бакубат-Талас" командасы жеңип алды. Финалдык беттеште Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен "Бакубат-Талас" командалары кез келишти.
3-таймдын жыйынтыгында таластык команда атаандашынын тай казанына 6 улак таштаса, "Сары-Өзөн" командасы 3 улак таштап жооп берди.
Эске салсак, кечээ, 27-апрелде бишкектик "Арашан" менен Оштун "Көлдүк" командалары 3-орун үчүн кездешкен. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Көлдүк" командасы 3:2 эсеби менен жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Как будто 20:0'го утуп алгансып суйлопсун го...
Кичине реалист болчу, Мотуев агана окшоп соктура бербей.....
андай мындайды токтоткула бир женден кол бир жаккадан баш чыгарып ички ынтымакты бекемдейли бир муштумга туйулуп