super.kg logo
  Саясат  

Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматында депутат мамлекетке 2 миллион 61 миң сом зыян келтирген. Ага карата козголгон кылмыш иши териштирүү үчүн УКМКга жиберилген.

“2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, Аскарбек Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгында аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго бөлүп берилген. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2 миллион 61 миң сом зыян келтирген. Учурда бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгында иликтенип жатат”, - деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл февраль айында ачыкка чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 21 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: