ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: Ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтондун баш кошконуна 7 жыл болду. Жубайлардын үй-бүлөлүк сүрөттөрү
Мындан 7 жыл мурун ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү тою болуп өткөн. 29 жашында үйлөнгөн ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембриж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калган. Уильям – ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси.
Кейт Миддлтон турмушка чыккандан кийин Кембриж герцогинясы деп аталган. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган эмес. Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө "Party Pieces" аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.

Жубайлардын үлпөт тоюна 1 миң 900 конок чакырылган. Алардын ичинде ханзаада менен колуктунун достору жана туугандарынан тышкары 40тан ашык өлкөнүн аттуу-баштуулары (алардын ичинде Бельгия, Дания падышалары, Монако князы, Сербия өлкө башчысы жана башкалар бар), атактуулардан футболчу Дэвид Бекхэм аялы Виктория Бекхэм менен, маркум ханбийке Диананын жакын досу Элтон Жон Дэвид Ферниш менен, режиссёр Гай Ричи жана башкалар катышкан.
Учурда ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтон 3 баланын ата-энеси. Буга чейин алардын Жорж, Шарлотта аттуу уул-кызы болсо, жакында эле, тагыраагы, 23-апрелде Луис деген уулдуу болушкан.









29-апрелдин жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Nevestkaa

29.04.2018. 13:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары мынча ширин,тиштеп өбө беретурган го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.