super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Бишкек дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде бишкектиктерди борбор калаанын 140 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди борборубуздун 140 жылдыгы менен куттуктайм!

Кыргыз жарандары үчүн Бишкек шаары бийик маданияттын, илимдин, билимдин жана толеранттуулуктун борбору болуп саналат.

Албетте, борбордун башкы байлыгы – бул анын тургундары. Бишкекте Кыргызды байырлаган бардык этностордун өкүлдөрү жана ар түрдүү кесипти аркалаган адистер жашап, эмгектенет. Муундан-муунга борбордун тургундары тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара түшүнүүнүн бекем негизин түптөп келишкен. Биргелешип сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп, жашылдандырып, келбетин улам жакшыртышкан.

Биз бишкектиктердин эң мыкты салттарын сактап, аны татыктуу улантууга милдеттүүбүз. Бишкек дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого тийишпиз. Бизнес жүргүзүү, инвесторлор үчүн жагымдуу болуп, Бишкектин ар бир тургуну өзүнүн борбору менен сыймыктангыдай болушу керек. Бул ар бирибиздин аракетибизге жараша болот", - деп билдирген өлкө башчысы.

"Урматтуу шаардыктар!

Кыргыз Республикасынын борбору – бул илимде, билим берүүдө, бизнесте жана заманбап инновациялык өндүрүштөрдү түзүүдө масштабдуу пландары бар келечекке умтулган шаар. Жыл өткөн сайын Бишкектин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы улам өсө берет.

Сүйүктүү борбор калаабызга бакубаттык, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, бейпилдик жана жакшылыктарды каалайм! Бишкек шаарыбыз көрккө бөлөнүп, алгалап өнүгө берсин!

Урматтуу мекендештер! Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!” - деп жазылат президенттин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.04.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан шаарды жашылдандырып корктондурот десе эле 900 сомдук кочотту 9000 сомго алдык деп казынаны тоногон болбойт. Соке оозуна талкан салбастан, куноолуулорду таптырып, ошол миллиондорду кустуруш керек, эл учун иштегени чын болсо...

Шаарга Мырзакматовго окшогон бирин мэр кылып койсо, шаарды иреттеп тартипке салса, шаар кулпура тушот, жол кыймылы жонго салынып, базарлар иретке келтирилсе, сойкуларды жоготсо, тазалыкка конул бурулса. Ал учун иштеш керек чын журоктон..
29.04.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
fantomas,Мына бизге эч нерсе жакпайт Атамбаев эле Атамбаев деп аттынар эле ал кетсе эле жыргап кетчудой болуп.Кетти эми кайра Соке деп баштадынарбы.Бири бирибизди колдогонду билбейбиз.Телофондун ары жагына отуруп алып суйлогондон башка эч нерсени билбейбиз,озубуз кыйратып аткансып.Маданият эмне экенин билбейбиз,озубузду кандай алып журушту билбейбиз.Эми президентибизди колдойлу туугандар колдон буттан алып.Жаман соз айткандан пайда жок.....
Майрамынар менен мекендештер!!!
Azat.97 түзөттү 2018-04-29 11:06:29
29.04.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azat.97, сен колдоп журо бер. Атамбаевди колдоп журуп эмне таптын?!! Кыргызстанды белчесинен карызга батырып кетти. Ошондо эле айтчумун, бул алынып жаткан карыздардын жарымы сол чонтокко тушуп жатат деп. ТЭЦтеги бети ачылган коррупция ошол созумдун ырас экенинин далили бугун... 7 жыл ичинде Кумтор баш болгон, Кыргызстанда толтура казылып, ташылып, тонолуп жаткан алтын-кумуш озунчо чон тема.

Соке бийликке келди, 5 ай отту, озгоруу корунбойт, кадр алмашканы эле болбосо..
fantomas түзөттү 2018-04-29 11:15:27
29.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан инвестор деп сайрайсын, кайсы инвестор кыргыз элинин чекесин жылытып жатат, айтчы?!! ТЭЦти ондогон кытай инвесторлору чекенерди жылыттыбы же чонтогунордубу?!! Эмнеге 20 жылдан ашуун убакыттан бери Кумторду эптей албай келесинер?!! Алтын тугонгучо канадалыктарга бир мамлекеттин башындагылардын созу отпойбу?!! Кумтордон башка толтура алтын кениндеги инвестор кытай-казактардын элге пайдасы тийип жатабы?!! Тогуз-Тороолуктарды камагыча мыйзамсыз курулуш кургандарды камабайсынарбы?
29.04.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба да Эми башка шаарлар огой болсо карагандын деле кереги жок((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: