Жогорку Сот Жети-Өгүздөгү баш аламандыкка катыштыгы бар адамдардын иши боюнча түшүндүрмө берди
Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Жети-Өгүз райондук сотуна жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратканы үчүн 7 жаран боюнча административдик мыйзам бузуу тууралуу 7 иш түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 557-570-беренелери боюнча бардык иш соттун аныктамасы менен 28-майда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө кайтарылып берилген. Мындан сырткары баш аламандыкка катышкан аталган адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу тергөөчүлөрдүн өтүнүч арызы сотко келип түшкөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

