super.kg logo

Бишкекте белгисиз унаадан жарым жылаңач болуп көчөгө ташталган кыз шектүүгө карата арыз жазуудан баш тартты

 

Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө белгисиз унаадан жарым жылаңач болуп көчөгө ташталган кыз арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Жылаңач болуп жолго ташталган кыз сурак учурунда мас абалында болгондуктан ар кандай пикирлерди айткан. Эртеси соолугуп, окуя тууралуу милиция кызматкерлерине аны жолго таштагандар менен тааныш болгонун билдирген. Анын айтымында, окуя болгон учурда тааныштары менен пикир келишпестик жаралган. Ал эми алгачкы көрсөтмө берген учурда мас абалында болгондуктан туура эмес көрсөтмө бергендигин айткан. Мындан улам шектүү катары кармалган адамга карата арыз жазуудан баш тарткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 25-апрель күнү саат 17:28де Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө белгисиз унаа жарым жылаңач кызды таштап кеткен. Бул тууралуу билдирүү Бишкек ШИИББине келип түшкөн. Окуя катталган жерге мобилдик батальондун кызматкерлери болжол менен саат 17:33төр чамасында барган. Анда арыздануучу кыз Кулиев жана Пушкин көчөсүнүн кесилишинде ага карата кылмыш иши болгонун айтып, окуя болгон жерден шектүү адамды көрсөтүп берген.

Мобилдик батальондун кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда ал жердеги эркек кишилер милиция кызматкерлерин курчап алышкан. Алар тергөө тобунун мыйзамдарына баш ийбегенден улам ортодо чыр чыгып, алардын ичинен бир жаран милиция кызматкеринин тапанчасын алууга аракет кылган. Мындан улам баш аламандыкты токтотуу үчүн мобилдик батальон асманга карата ок чыгарган. Ал эми кылмышка шектүү 42 жаштагы А.З. аттуу жаран окуя болгон жерден Биринчи Май РИИБине алып келинген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
29.04.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ызы чуунун барын баштап коюп доом жок дегени эмнеси?Ыйман берсин кыздарыбызга.
Azat.97 түзөттү 2018-04-29 19:23:12
29.04.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Не депда арыз жазат эле ичип алып жарым жыланач журсом машинадан тушуру беришти деп жаза беле айыптын бардыгы озундо да.
30.04.2018. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болсо да кылмыш ишин ачып жоопко тартыш керек,арыз жок деп ишти жаап койбой,
30.04.2018. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышка ушу кыздын озун тартыш керек баарын баштап ызы чуу кылган. Мындай кыздардын азабынан бей куноо бироо азап чегип жатат,куру жалаа,куру доомат менен жашагандар кобойду Жараткан озу сактап ар пендеге ыйман берсин.
30.04.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнеге кыргыз эли ушундайсынар эмне болсо эле аял кишини куноолой бересинер.аял менен эркек ажырашса да аял куноолуу себеби баарына аял байкуш чыдаш керек.эркекте куноо болсо дагы аялды каралашат...мумкун байкуш кызды ичиришип анан жарым жыланач кылып таштап кетишет оз оюндагысыдай кылып анан милицияга айтсан олосун деп коркутуп аткандыр.аял киши назик алсыз келетда..азыркы заманда эмнегедир алмашып калгандайбыз бирок....аялдарды куноологонду токтоткулачы
Aisle түзөттү 2018-04-30 10:03:28
30.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким акча берип кызды алдап койушту камалбаштын айласын издеп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: