super.kg logo

Темир жол бекетине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыгып, маалымат берген адам изделүүдө

 

Бишкектеги темир жол бекетине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 29-апрель күнү кечки саат 19:30 чамасында 102 кызматына “Бишкек 2” темир жол бекетине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке УКМКнын жана ИИМдин адистери жетип барып, бекеттин ичиндеги адамдарды сыртка чыгарып, андан кийин шек жараткан буюмдарды карап чыгышкан. Бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Учурда темир жол бекети кадимки режимде иштеп жатат.

Ал эми УКМК телефон аркылуу жалган маалымат берген “террорчуну” табуу үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.04.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул магия Ушинтип отурушуп бир Кун бир жерде чоон жарылуу уяштурушатгоо булар.кудай сактасын!!
30.04.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкек паркта жарылуу болот деген адамды таптыбы экен. Жалган маалымат берип адамдарды коркутканы үчүн 20-30 жыл эркинен ажыратуу керек.
30.04.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар ушинтип жалган маалымат берип текшерип, биздин укук коргоо органдарын текшерип жатышы мумкун. Алар жон жерден мындай ишке барышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: