super.kg logo

Бишкек шаарынын күнүндө баш калаада 87 ымыркай төрөлдү

 

Бишкек шаарынын күнүндө калаа боюнча төрөт үйлөрдө 87 наристе жарык дүйнөгө келди. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоону камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Лидия Мухамедшинанын SUPER.KG'ге билдиришинче, анын ичинен 6 наристе эгиз төрөлдү. Анын айтымында, ымыркайлардын 48и эркек бала болсо, 39у кыз.

"Биз шаардын күнүнө карата атайын мамлекеттик жана менчик төрөт үйлөрүндө бир сутка мониторинг жүргүздүк. Жыйынтыгында сутка ичинде 87 наристе жарык дүйнөгө келгени белгилүү болду. Алардын ичинен 6 наристе эгиз төрөлдү. Анын төртөө кыз болсо, экөө эркек балдар. Наристелердин саламаттыгы жакшы. Ал эми алардын ата-энелеринин кубанычын шаардагы төрт райондун акимдери барып бөлүшүп, өз куттуктоолорун айтып жатышты", - деди Мухамедшина.

Статистикалык маалыматка ылайык, акыркы 5-6 жылдан бери Бишкекте жылына 20 миңден 22 миңге чейин ымыркай төрөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.04.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох хоо болсун,болсун!!! Балдардын омурлору узуун,ден соолуктары бекем болсун!!! Осуп онуго бер кыргыз элим,шаар боюнча ушунча болсо мамлекет боюнча анданда коп болотго.Кубанычтуу жанылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: