Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: Бүгүн Бишкекте Суперлиганын жеңүүчүсү аныкталат

Бүгүн, 30-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясынын жыйынтыктоочу беттеши орун алат. Анда Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 1-орун үчүн күч сынашып келе жаткан бишкектик "Алга" менен Оштун "ЕREM" командасы кез келишет.
Финалдык сериянын 4 беттешинин жыйынтыгында эсеп саны 2:2 катталган. Бүгүн чечүүчү беттеште командалар Бишкек шаарында күч сынашат, беттеш саат 20:00дө башталмакчы.
Финалдык сериянын жыйынтыктары:
1-беттеш, 16-апрель (Бишкек шаары):
"Алга" - "EREM" - 1:4
2-беттеш, 17-апрель (Бишкек шаары):
"Алга" - "EREM" - 8:2
3-беттеш, 22-апрель (Кызыл-Кыя шаары):
"EREM" - "Алга" - 3:1
4-беттеш, 23-апрель (Кызыл-Кыя шаары):
"EREM" - "Алга" - 2:5.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.