super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жүк ташуучу 3 унаанын кагылышуусунан 2 адам жеңил жаракат алды"

 

Кара-Суу районунда катталган жол кырсыгынан оор жаракат алгандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, кырсык кечээ, 29-апрелде саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан күйүүчү май куюучу жайга жакын жерде болгон.

"Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Хундай Портер унаасын артынан сүзүп, андан соң күйүүчү май ташыган унааны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен Портердин айдоочусу менен жанындагы 11 жашар жүргүнчүсү жеңил жаракат алып, облустук ооруканада тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү.

Кырсыкка кабылган 3 унаанын тең айдоочулары материалдык чыгымдарга туш болушту. Портер унаасы 1 торпок жана 2 кой жүктөп бара жаткан. Азыркы убакта Хово үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Суу РИИБинин айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди Теңизбаев.

Буга чейин окурман Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жүк ташуучу дагы 2 унааны сүзүп алганын "Элдик кабарга" маалымдаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах чооң сактаптыр эч ким эч нерсе болбой,торпок жана эки кой качып жүрөт эле ошол авариядан кийин.
30.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да корктум эле портердеги адамдарды ойлоп. Кудайым сактаптыр даа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: