super.kg logo

Бишкек шаарынын мааракесинде "Ала-Тоо" аянтына келгендер 6 тонна таштанды ташташкан

 
Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракеси белгиленгенден кийин "Ала-Тоо" аянтынан 6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-апрелде шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын жумушчулары "Ала-Тоо" аянтында бүгүн, 30-апрелде таңдан тартып баштаган тазалоо жумуштарын түштө аякташкан.
"Ага атайын 11 унаа тартылган. Анын ичинен 8 унаа таштанды тазалап чыгаруучу болсо, үчөө жууп-тазалоочу унаалар. Жалпысынан 67 жумушчу ишке тартылган. Майрамга чейин аянтка таштанды үчүн көлөмдүү 20 желим урна, темирден 10 контейнер коюлган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кабарда баш калаада маараке белгиленген башка көчөлөрдү тазалоо иштери түнү менен жүргүзүлгөндүгү кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ саат кундузгу экиде отком, мусор деле жок эле кочодо аянтта. Рок музыканттар отурушкан
30.04.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suner.kg кочокү жашыл чөптөн койулган төө атар алына элекби билип бере аласынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: